Түстүү ыңкылаптар кандайча жасалган: технологиялары, курмандыктары жана натыйжалары

68
(жаңыланган 09:44 08.04.2015)
XX кылымдын 80-жылдарынын акырында Батыш өлкөлөрүндө бийлик тартиптерин алмаштыруу ыкмалары иштелип чыгып, ал дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүндө сынактан өткөрүлгөн.
«Түстүү ыңкылаптар» технологиясы

Кыргызстанда саясий технологдордун алгачкы иш-аракет натыйжалары 10 жыл мурда жетишилип, андагы окуялар "жоогазын ыңкылабы" деп аталган. Парламенттик шайлоонун натыйжаларына нааразы болгондордун митингдери өкмөт үйүн басып алуу жана президент Аскар Акаевдин өлкөдөн качып кетиши менен аяктаган.

2010-жылдын апрелинде бийлик экинчи жолу алмашылган. Акталбаган үмүт-тилектер жана үстөмдүктүн катууланышы элди "жоогазын ыңкылабынан" кийин бийликке келгендерге каршы алып чыкты. Укук коргоо органдары менен кагылышууда жүздөн ашык адам курман болгон.

Кырдаалды солгундатып жана бийликти зомбулуксуз алмаштыруу технологиясы өткөн кылымдын 80-жылдары иштелип чыккан. АКШ жана анын таламдаштары аталган технологияны дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө сындап көрүштү. 2000-жылдары бул технология натыйжалуу экендиги мурдагы союздук республикалардын бир катарында далилденген. 


68
Белгилер:
Курманбек Бакиев, Аскар Акаев, Жоогазын ыңкылабы, Апрель окуялары
Тема:
Апрель окуялары. Беш жылдан кийин (11)

Кыргызстанда кайсы үлгүдөгү автоунаалар көп уурдалат?

698
Жыл башынан бери республика аймагында 200гө чукул автоунаа уурдалган. Sputnik Кыргызстан агенттиги алардын басымдуу бөлүгү кайсы үлгүдөгү темир тулпарлар экендигин тактап көрдү.
КРде кайсы автоунаалар көп айдай качышат?

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2021-жылдын алты айында укук коргоо органдарына 395 адам автотранспорт каражатын башка бирөө айдай качып кетти деп кайрылган. Анын негизинде учурда 44 факт боюнча тергөө жүрүп, 99 иш сотко өтүп, 40 иш реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган. Ал эми калган фактылар ар кандай жагдайда кылмыштын курамы жок делип же жабырлануучунун тосмо арызы менен тергөөгө алынган эмес.

Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаалар көп жолу уурдалган. Кийинки орундарда ВАЗ, Москвич, УАЗ, Honda Odyssey, Honda Stepwgn, Daewoo Tico, Daewoo Nexia автомашиналары турат.

Алты айдын ичинде өлкө боюнча темир тулпарларды айдап качуу фактыларынын эң көбү Бишкек шаарында катталса, эң азы Нарын облусунда болгон.
Эске сала кетсек, КРдин Жазык кодексине ылайык, бирөөнүн автоунаасын же башка автомототранспорттук каражатын өзү билемдик менен ээлеп алып, аны айдап кеткендерге 260-300 миң сом айып салынат же 2,5 жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу менен 100-140 миң сом айып каралган.

698
Белгилер:
Кыргызстан, автоунаа, статистика, кылмыш

Бишкектеги батирлердин июль айына карата ижара акысы. Инфографика

315
Бишкек шаарында июль айында бир жана эки бөлмөлүү батирлердин ижара акысы арзандады. Ал эми үч бөлмөлүүлөр бир ай мурдагыга салыштырмалуу кымбаттады.
Бишкектеги батирлердин июль айына карата ижара акысы

Sputnik Кыргызстан агенттиги ар ай сайын борбор калаадагы батирлердин ижара акысына көз салып, өткөн айдагы баалары менен салыштырып турат.

Бул материалды даярдоо учурунда 608 жарнама каралды. Июль айында деле өткөндөгүдөй эмереги бар жана мейманкана тибиндеги батирлерди изилдеп чыктык.

Бул айда эмереги бар дээрлик бардык типтеги бир жана эки бөлмөлүү батирлердин ижарасы арзандаган. Бир бөлмөлүү “элиталык” батирдин ижара акысы 2 800 сомго төмөндөгөн.

Бул айда эмереги бар бардык типтеги үч бөлмөлүү батирлердин ижарасы кымбаттады. 105 жана 106-сериядагы үч бөлмөлүү батирлер үчүн орто эсеп менен 2 500 сомго көбүрөөк төлөш керек болот. Ал эми 104-сериядагылар 800 сомго өскөн.

Жеке типтеги бир бөлмөлүү батирлердин ижара акысы болсо 600 сомго кымбаттаган.

Окурмандардын ыңгайы үчүн түрдүү типтеги бир, эки жана үч бөлмөлүү батирлердин (104, 105, 106-серия, "элитка", жеке тип) орточо баасынын диапазонун көрсөтүп бердик.

Ачык маалымат булактарына караганда, июль айында Бишкектеги эмереги бар бир бөлмөлүү батирлердин ижара акысы төмөнкүдөй болду:

  • 104-серия — 14 100 сом (12 000ден 17 000ге чейин);
  • 105-серия — 13 800 (10 000ден 18 000ге чейин);
  • 106-серия — 14 300 (10 000ден 20 000ге чейин);
  • Жеке типтегилер — 15 900 (9 000ден 25 400гө чейин);
  • "Элитка" — 21 400 (15 000ден 29 600гө чейин);
  • Мейманкана тибиндеги батирлер — 6 600 (5 000ден 8 500гө чейин).

Эмереги бар эки бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:

  • 104-серия — 17 400 сом (12 000ден 23 000ге чейин);
  • 105-серия — 17 700 (12 000ден 29 700гө чейин);
  • 106-серия — 19 600 (14 000ден 28 000ге чейин);
  • Жеке типтегилер — 22 000 (12 000ден 35 000ге чейин);
  • "Элитка" — 36 400 (20 000ден 59 300гө чейин).

Эмереги бар үч бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:

  • 104-серия — 22 600 сом (17 500дөн 29 700гө чейин);
  • 105-серия — 24 500 (15 000ден 35 000ге чейин);
  • 106-серия — 27 700 (16 900дөн 33 900гө чейин);
  • Жеке типтегилер — 28 900 (19 000ден 63 300гө чейин);
  • "Элитка" — 58 100 (25 400дөн 110 200гө чейин).
315
Белгилер:
Бишкек, батир, ижара, акы, инфографика
Зергерлер жана ишкерлер союзунун президенти Сталбек Акматов

Акматов: өзгөчө кырдаал жөнүндө мыйзам инвестицияга бөгөт коет

0
Зергерлер жана ишкерлер союзунун президенти Сталбек Акматов "Экономикалык өзгөчө кырдаал жөнүндө" мыйзам долбоору шашылыш кабыл алынгандыгын билдирди.

Аталган мыйзам ишке кирсе ички жана сырткы инвестицияга бөгөт коет. Мындай пикирин Сталбек Акматов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып белгиледи.

Акматов: өзгөчө кырдаал жөнүндө мыйзам инвестицияга бөгөт коет

Анын айтымында, мыйзамдын чийки жерлери көп жана ал президент кол койгонго чейин дыкат каралып чыгышы керек.

"Экономикалык өзгөчө кырдаал жөнүндө" мыйзам долбоорун эмнеликтен Жогорку Кеңеш өтө шашылыш тартипте карап, үч окуудан тең бир заматта өткөрүп койгонун ишкерлер түшүнгөн жокпуз. Кыргызстанда ансыз да бизнес жасоо оор болуп, бир четинен пандемия күчөп турган учурда бул долбоор ишкерликке чоң тоскоолдуктарды жаратат. Анда чийки, дыкат иштелип чыкпаган жерлери арбын экен. Биз ишкерлер президент кол койгонго чейин бул мыйзамдын кайрадан каралып чыгышын өлкө башчыдан өтүнүп жатабыз. Аталган мыйзам иштеп баштаса ички дагы, сырткы дагы инвестицияга бөгөт коет",— деди Акматов.

Ал өлкө экономикасын көтөрүү үчүн тескерисинче ишкерлерге колдоо көрсөтүү зарылдыгын кошумчалады.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңеш ушул жылдын 29-июль күнү "Экономикалык өзгөчө кырдаал жөнүндө" мыйзам долбоорун үч окуудан өткөрүп кабыл алган. Анын демилгечиси, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровдун айтымында, мыйзам өлкө экономикасынын төмөндөшүнүн алдын алыш үчүн иштелип чыккан.

0
Белгилер:
Сталбек Акматов, экономика, ишкерлик, мыйзам
Тема боюнча
Экономикалык өзгөчө кырдаал боюнча мыйзам жактырылды. Ал эмне үчүн керек