Кыргызстанда канча бала бакча иштейт?

Жазылуу
Бала бакчаларды мамлекеттин менчигине кайтарып берүү боюнча иштер Кыргызстанда 2013-жылдын декабрында башталып, 1,5 жыл ичинде жүздөн ашык бала бакча кайтарылды.

Муниципалдык жана жергиликтүү бийликтин карамагындагы көпчүлүк бала бакчалар 90-жылдардын башынан тартып иштебей калган, анткени калктын кайсы бир бөлүгү Кыргызстандан көчүп кеткен болчу. Пайдаланылбай турган бала бакчалардын имараттары жеке адамдарга сатылып же райондук ички иштер бөлүмдөрү, сот ж.б. сыяктуу ар түрдүү мамлекеттик органдардын карамагына өтүп кеткен. Демографиялык көрсөткүч жакшыра баштаган соң, калк бала бакчалардын жетишсиздигин кадимкидей сезе баштады. 

2013-жылы декабрда өкмөт бала бакчаларды мамлекеттин менчигине кайтарууга жана аларды баштапкы максаттарда пайдаланууга тапшыруу иштерин баштоону чечкен. 2015-жылдын апрелине карата маалыматтарга ылайык, 119 бала бакча кайтарылып, алардын 81и өзүнүн баштапкы багытында иштеп жатат. 19 имаратта калыбына келтирүү иштери жүрүп, ал эми 15 имаратты оңдоо үчүн каражат изделүүдө, дагы 12си боюнча сот териштирүүлөрү жүрүп жатат.


Жаңылыктар түрмөгү
0