Кенеден сактануунун жолдору

Жазылуу
Жыл сайын жаз-жай мезгилдеринде кененин чагуусунан жабыркап, бейтапканаларга кайрылгандардын саны көбөйөт.

Тоого, токойго же бадалдуу суу жээктерине, ал тургай, токойго жакын таштак жерлерге эс алганы барганда, мезгил-мезгили менен кийимиңизди, денеңизди карап, мүмкүн жабышып калган кенелерден тазалаңыз. Алдын алуу максатында жыттуу атайын каражаттарды: крем, май, аэрозоль, кол аарчыларды колдонуңуз.

Кене жаз мезгилинде абанын температурасы 10 градустан жогорулаганда жандана баштайт. Апрелдин башынан майдын башына чейин Кыргызстанда кене чаккан 297 адам катталган.

Республиканын түштүк аймактарында кене чагуу коркунучу мартта — апрелдин башында, түндүк аймактарда апрелдин ортосунда же майдын башында күч алат. 


Жаңылыктар түрмөгү
0