Орто эсеп менен сурамжылоого катышкандардын 51 пайызы ушундай ойдо. Бул пикирди баарынан көп колдоочулар Улуу Британияда – 62 пайызы, жана Германияда – 69 пайызы, экени аныкталды. Француздардын арасында мындай пикирди жактоочулардын саны 50 пайызды түздү.
Ал эми Грециянын тургундары башка көз карашта — "Сиздин пикириңизче, Грециянын карыз милдеттемелерин ким өзүнө алышы керек" деген суроого, респонденттердин 55 пайызы карыздарды жөн гана чийип салыш керек деген ойго макулдугун билдиришкен. Гректердин 25 пайызы гана өлкө өз карызын өзү төлөш керек деп эсептейт. Ал эми сурамжылоого катышкандардын сегиз пайызы Грециянын карыздары үчүн Европанын борбордук банкы, Эл аралык валюталык фонд, Европалык комиссия жооптуу болушу керек деп эсептейт. Ал эми респонденттердин алты пайызы Грециянын карыздарын Европа биримдиги төлөшү керек деген ишеничте.
Кыргызстандагы эң кымбат университет болуп АУЦА эсептелет. Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, жылына орто эсеп менен студент 482 400 сом төлөйт.
Экинчи сапта Медицинанын эл аралык жогорку мектеби. Бул жерде жалаң гана чет элдиктер билим алышат. Студент жылына 210 000 сом төлөйт.
Салымбеков атындагы университетте бир жылдык окуу акысы жергиликтүү студенттер үчүн 75 миң, чет элдиктерге 165 миң сомго жетет.
Эл аралык медицина университетинин окуу акысы жеткиликтүүрөөк. Анда кыргызстандыктар жылына 93 миң, чет элдиктер 151 миң сом төлөшөт.
Кымбаттыгы боюнча алдыңкы беш сапка кирген окуу жайлардын катарында "Ала-Тоо" эл аралык университети бар. Жергиликтүүлөр үчүн жылына 80 миң сом болсо, чет элдиктер 173 миң сом төлөшү керек.
Кыргызстандыктар үчүн өткөн жумадагы эң популярдуу автокөлүктөр төмөнкүлөр болду:
Инфографикада өтүмдүү унаалардын орточо баасы чыгарылган. Мониторинг 2020-жылы ноябрда жана 2021-жылдын февралынын соңунда autobaza.kg, cars.kg жана mashina.kg сайттарындагы маалыматтарга таянуу менен жүргүзүлгөн.
Тизмеде эң кымбат деп эсептелген түрдүү үлгүдөгү унаалардын наркы бир топ төмөндөй түшкөнү байкалат.
2017-жылы чыккан Toyota Camry, 2008-жылы чыгарылган E класстагы Mercedes-Benz жана 2016-2017-жылкы Toyota RAV4 орто эсеп менен 1 000 долларга арзандаган. Ошондой эле 2003-2008-жылдары сатыкка чыккан Lexus GX баасы 400 доллардан 1 000 долларга чейин түшкөн.Ал эми 5-сериядагы BMW, Hyundai Sonata, Toyota Prius бир аз баасын көтөрүп, мурдагы жумага салыштырмалуу 100-300 долларга кымбаттаган.
Аналитиктер баалардын өсүшү автоунаанын техникалык абалына жана тез арада сатылышына байланыштуу экенин айтышууда.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Кечээ кечинде Свердлов районуна караштуу "Дордой" базарында чыккан өрт азыркыга чейин өчө электигин ӨКМ билдирди.
Кечээ 20:30дар чамасында жайгашкан "Дордойдогу" "Алтын-Тоо" базарындагы текстиль материалдарын саткан дүкөндөн өрт чыккан.
Кырсык болгон жерге ӨКМден төрт өрт өчүрүүчү бригада, Бишкек шаардык куткаруу кызматтары тарабынан беш куткаруучу, штаб жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу, ИИМден төрт экипаж жана Тез жардам кызматынан бир бригада тартылган. Өрт саат 00:01де чектөөгө алынган.
"Дүкөндүн жалпы аянты 450 чарчы метрди түзсө, анын ичинен болжол менен 200 чарчы метри күйгөн. Азыр өрт толугу менен өчө элек. Адатта текстиль материалдары кеч өчөт", — деп айтылат маалыматта.
Учурда эки өрт өчүрүүчү бөлүм кызмат кылып жатат. Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.