Эмгек мигранттары "кара тизмеден" кантип чыга алат

4029
(жаңыланган 18:14 28.03.2017)
КРдин Эмгек, миграция жана жаштар министрлигин маалыматына ылайык, Россиянын Федералдык миграциялык кызматынын (ФМК) "кара тизмесинде" 75 миңге жакын кыргызстандыктар бар. Эки өлкөнүн ведомстволору өз ара тыгыз иштөөсүнүн аркасында аталган тизмеден 1 миң 296 жаран чыгарылган.
Россиянын ФМКнын «кара тизмесинен» кантип чыгууга болот

Кыргызстан ЕАЭБге кириши менен Россияда жүргөн эмгек мигранттары ал жакта иш жана жашоо жеңилдейт деген үмүттө. Ошол эле учурда ФМК "кара тизмедеги" КР жарандары үчүн мунапыс болбой турганын билдирди.

Төмөнкү инфографикадан кара тизмеден чыгыш үчүн арыз жазганда кандай документтер керектеле тургандыгын Sputnik маалымат сайты сизге сунуштайт. 

ФМКнын тизмесине Россиянын миграциялык мыйзамдарын бузган жарандар түшкөн.


4029
Белгилер:
кара тизме, ФМК, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Кыргыз мигранттарынын акча агымдары

Бишкек менен Оштогу батирлердин ижара акысы. Жаңыланган маалымат

147
Бул аптадагы бааларга ылайык, баш калаада бир бөлмөлүү батирдин ижара акысы 9 миң сомдон 20 миңге чейин жетти. Ош шаарында болсо турак жайдын ижарасы 10 миң сомдон 16 миңге чейин бааланууда.

Ар жума сайын Sputnik агенттиги ачык булактардан маалыматтарды топтоп, Бишкек жана Ош шаарларындагы батирлердин ижара акысына байкоо салып турат.

Бишкекте эмеректери жок бир бөлмөлүү батирди жайгашкан жери жана абалына жараша 8 миңден 11 миң сомго чейин ижарага алса болот. Эмеректери бар турак жайлар 9 миңден 20 миң сомго чейин бааланууда. Эки бөлмөлүү батирдин ижара акысы 12 миңден 21 миңге чейин, үч бөлмөлүү батир 13 миңден тарта 40 миң сомго чейин жетет.

Ошто муниципалдык ипотека аркылуу берилчү көп кабаттуу үй курула баштады. Эскиз

Ош шаарында болсо эмеректери жок бир бөлмөлүү батирди 8 миң сомго ижарага сунуш кылышат. Эмеректери бар батирдин акысы 10-16 миң сом болууда. Ал эми эки бөлмөлүү батирди 8ден 20 миң сомго чейин ижарага алууга болот. Үч бөлмөлүү турак жай эмеректери менен 15 миңден 30 миң сомго чейин бааланууда. Эмеректери жок үч бөлмөлүү батирди 4 миңден 15 миң сомго чейин алууга болот.

147
Белгилер:
акы, ижара, батир, Ош, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Ижара акысы канча? Бишкек менен Ошто батир издегендер үчүн маалымат

Шайлоодо ат салышчу партиялардын талапкерлери. Толук тизме

850
(жаңыланган 12:08 18.09.2020)
Октябрь айында болчу Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого жалпысынан 16 саясий партия, алардын катарында 2 миңдей талапкер катышат. Тизмесин толугу менен Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан көрө аласыз.

4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого аттанган партиялардын тизмесин бир нече күн мурда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия расмий сайтына жарыялаган.

Окурмандарга ыңгайлуу болушу үчүн Sputnik редакциясы бардык партияларды бир материалга чогултуп, бюллетендеги номерлерине жараша жайгаштырды. Ар бир талапкердин атынын жанында туулган жылы жана кызмат орду боюнча маалымат көрсөтүлгөн.

Баса, тизмеде шайлоо алдында мурдагы партиясына кол шилтеп, тагдырын башкага байлаган депутаттар дагы бар. Кыскасы, азыркы депутаттардын 84ү кайрадан шайлоого бара жатканын көрүүгө болот.

Буга чейин жарышка аттанган партиялар тууралуу керектүү фактыларды даярдаганбыз.

Депутат болгусу келгендердин кандай кесипти аркалаганы, билими жана жаш курагы сыяктуулар кызыктырса, бул материалга баш багыңыз.

850
Белгилер:
тизме, саясий партиялар, талапкер, шайлоо, Жогорку Кеңеш
Тема:
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер — 2020
Тема боюнча
Депутат башында жаш келиндей. ЖКнын маалымат кызматынын жетекчисинин баяны
Түркия Кыргызстандагы парламенттик шайлоого 100 миң доллар бермей болду
COVID-19га каршы россиялык Спутник V вакцинасы. Архив

Россиялык вакцинанын алгачкылары Беларуска келе баштады

0
(жаңыланган 21:15 28.09.2020)
Клиникалык изилдөөлөр Беларустун сегиз медициналык мекемесинде жасала тургандыгы айтылды. Эмдөө 1-октябрда башталмакчы.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. COVID-19га каршы россиялык "Спутник V" вакцинасынын биринчи партиясы Беларуска алып келинди. Бул тууралуу Түз инвестициялар боюнча россиялык фонд билдирди.

Фонд бул азырынча дүйнө боюнча катталган бирден бир вакцина экендигин айтты. Аны клиникалык изилдөө жасоо үчүн Россиянын жер-жерлерине жеткиришкен, эми бул процедураларга Беларусь кошулду. Ал препаратты алган биринчи чет мамлекет болуп калды.

Клиникалык изилдөөлөрдүн Беларустун сегиз медициналык мекемесинде жасала тургандыгы айтылды. Ыктыярчыларды эмдөө 1-октябрда башталмакчы. Фонд 100 киши катышкан Беларустагы клиникалык изилдөөнү каржылап бермекчи.

Путин менен жолуккан Жээнбеков: россиялык вакцина КРге жетет деп үмүттөнөм

Фонддон мындай иш-чараны Бразилия, Индия, Сауд Аравиясы, Египет жана Бириккен Араб Эмирлигинде жүргүзүү пландалып жаткандыгын айтышты.

Вакцина суроо-талап жаралып, КМШнын, Европаны, Азияны, Жакынкы Чыгышты жана Латын Америкасын кошкондо 50 мамлекеттен арыз түшкөн.

Буга чейин аталган фонд макулдашуунун негизинде өнөктөштөр менен сүйлөшүү жүргүзүлүп, Мексикага 32 миң, Бразилияга 50 миллион, Индияга 100 миллион, Өзбекстанга 35 миллион доза берилерин айткан эле.

0
Белгилер:
Россия, вакцина, Беларусь
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
COVID-19га каршы россиялык вакцина КМШга берилет