2015-жылдын орозо календары: ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу убакыттары (ифтар)

Жазылуу
Орозо (Рамазан) айынын биринчи күнү быйыл 18-июнь деп алдын ала белгиленүүдө. Ал эми бул күн ыйык орозо айы башталарына эки күн калганда Айга карап тагыраак аныкталат. 2015-жылдын орозо айынын календарын Sputnik сайтынан караңыздар. Ооз багымдат намазына беш мүнөт калганда бекитилиш керек.

Орозо (Рамазан) айы мусулмандар тутуучу ыйык ай болуп эсептелет, ал Ислам дининин беш негиздеринин бири. Орозо мезгилинде динге ишенүүчүлөр күн чыккандан батканга чейин оозуна тамак алышпай, суу да ичишпейт. Бул айда мусулмандар өз кемчиликтерин жеңип, тазарууга умтулушат. 

Кыргызстандын мусулмандар диний башкармалыгынан билдиришкендей, Орозо 2015-жылы 18-июнда баштала турган болсо, ал, демек, 16-июлда аяктайт. 17-июль күнү болсо Орозо айты белгиленет.

Ыйык орозо айында динге ишенүүчүлөр тамак-аш ичүүдөн, кудайга жакпаган иштерди жасоодон өзүн кармап, таңды күндүн чыгышына багышталган дубадан баштайт жана күндүзгү, кечки намаздарын жазбай окуйт.

Орозо таң заардан тартып күн батканга чейин созулат. Орозо айынын узактыгы Ай календарына жараша 29 же 30 күн болот.

Орозо айында Кыргызстандын бардык областтары боюнча ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) убактысын Sputnik инфографикасынан караңыздар.

Ыйык Рамазан айында ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) убактысын 2016-жылдын Орозо календарынан караңыздар >>

Жаңылыктар түрмөгү
0