Полиция эмнеге ынды караларга көбүрөөк ок чыгарат: америкалыктардын пикири

Жазылуу
"Sputnik. Пикирлер" долбооруна катышкандардын үчтөн бир бөлүгү АКШ полициясынын арасындагы расистик көз караштарга көбөйгөндүктөн полициянын колунан өлгөн афроамерикалыктар көбөйүп жатат деген пикирде.

АКШда жашагандардын үчтөн бир бөлүгү укук коргоо органдарында иштеген кызматкерлер арасында расистик көз караш жайылгандыктан полициянын колунан каза болгон афроамерикалыктардын саны өсүп жатат деген пикирде. Мындай жыйынтык британиялык ICM Research изилдөө институту "Sputnik. Пикирлер" долбоорунун алкагында АКШда жүргүзүлгөн сурамжылоосунун натыйжасында алынган.

"Америкалыктардын жарымынан көбү (51 пайыз) полициянын колунан өлкөн афроамерикалыктардын көбөйүшүн коомдо болуп жаткан агрессияга жана зомбулукка байланыштырышат. Ошол эле учурда сурамжылоого катышкандардын үчтөн бири (33 пайыз) АКШ полициясынын арасында расистик көз караштын көбөйүшүнө байланыштырышат", — деп айтылат документте.

Сурамжылоого катышкандардын ар бир бешинчиси (22 пайыз) полиция кызматкерлеринин профессионалдыгы жетишпегендиктен алардын колунан каза болгон афроамерикалыктардын саны өсүп жатат деген пикирде. АКШнын болгону 8 пайыз жашоочусу эч кандай обьективдүү себеп көрбөй турганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0