Партиялар үчүн эфирдик убакыттын бөлүштүрүлүшү – инфографика

Жазылуу
Парламенттик шайлоого ат салыша турган саясий партияларга ЭлТР жана КТРК телеканалдарынан эфирдик убакыт берүү үчүн БШКда жыйын болуп чүчүкулак кармалды.

4-сентябрдан тарта үгүт иштери башталды. Ал эми парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген.

КТРК каналында саясий партиялардын тегерек столу 30-сентябрдан 1-октябрга дейре өтөт. Ал эми ЭлТР каналында 14-22-сентябрда болот.

Ошондой эле, партияларга берилген 10 мүнөттүк жеке эфирлер ЭлТР телеканалынан 14-сентябрдан 1-октябрга чейин, КТРКда 16-сентябрдан 24-сентябрга чейин болот.

Шайлоого катыша турган 14 партиянын теледебаты КТРК каналында 25-29-сентябрь күндөрү, ЭлТРде 26-28-сентябрь күндөрү өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0