Жогорку Кеңешке шайлоо учурунда добуш берүү процедурасы

213
(жаңыланган 09:48 28.09.2015)
2015-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоо Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу биометрикалык маалыматтардын жардамы менен өтөт. Шайлоочулардын тизмеси алдыдагы шайлоодо добуш берүү укугуна ээ 2 миллион 670 миң 480 жарандан турат. Дал ушунча адам бүгүнкү күндө өзүнүн жеке маалыматтарын тапшырган.
4-октябрда Жогорку Кеңешке шайлоо учурунда добуш берүү процедурасы

Алдыдагы шайлоодо добуш берүү процедурасы жөнүндө Sputnik агенттигинин инфографикасынан таанышыңыз. 


213
Белгилер:
Кыргызстан, Жогорку Кеңеш, урна, шайлоочу, шайлоо участкасы
Тема:
Парламенттик шайлоо 2015 (146)
Тема боюнча
Чет өлкөлөрдөгү шайлоо участкалардын даректери
Партиялар үчүн эфирдик убакыттын бөлүштүрүлүшү – инфографика
Депутаттыкка аттангандардын тизмеси - инфографика

АСУ эсеби боюнча кимдер Жогорку Кеңешке депутат болуп келет. Ысымдары

3614
Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялаган АСУ эсебинин натыйжасы боюнча Жогорку Кеңештин VII чакырылышына кимдер депутат болуп барарын Sputnik агенттигинин инфографикасынан көрүңүз.

Жогорку Кеңешке шайлоонун электрондук урна санаган жыйынтыгын БШК жарыялады. Бул маалыматтарга таянуу менен Sputnik Кыргызстан агенттиги Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышына кимдер депутат болуп келерин божомолдоду. Белгилей кетсек, инфографикада көрсөтүлгөн маалыматтар шайлоонун расмий жыйынтыгы болуп эсептелбейт. Кол менен саналган акыркы жыйынтыкты БШК аныктайт.

2021-жылкы парламенттик шайлоо жаңы система менен өтүп жатат. 54 талапкер партиялык тизме (пропорционалдык система) менен, 36сы бир мандаттуу округдан (мажоритардык система) шайланат. Жогорку Кеңештен орун алуу үчүн 21 партия ат салышты:

"Улуттар биримдиги", "Ишеним", "Альянс", "Кыргызстан жашылдар партиясы", "Бирдиктүү Кыргызстан", "Ата Мекен", "Ыйман нуру", "Эл үмүтү", "Азаттык", "Ынтымак", "Күчтүү регион", "Бүтүн Кыргызстан", "Аруузат — эл куту", "Ата-Журт Кыргызстан", "Мекенчил эл", "Ордо", "Багыт", "Жашасын Кыргызстан", "Улуу журт", "Легалайз" жана "Социал-демократтар".

Мыйзамга ылайык, парламентке республика боюнча шайлоого катышкандардын добушунун 5 пайызынан, ар бир облустагы (Бишкек жана Ош шаары дагы кирет) шайлоочулардын добушунун 0,5 пайызынан жогору алгандар өтөт.

Жогорку Кеңешке орундар эки босогодон тең өткөн партиялар арасында бөлүштүрүлөт. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча бир партияга 27ден ашык орун берилбейт.

Маанилүү: бул ирет шайлоодо жарандар бир партияга гана эмес, андагы бир талапкерге дагы добуш бере алды. Партия алган мандаттар талапкерлердин топтогон добушуна жараша жана гендердик теңчиликти сактоо менен бөлүштүрүлөт.

Бир мандаттуу округ боюнча шайлоону өткөрүү үчүн Кыргызстан 36 округга бөлүнгөн. Анын ар бирине бирден депутат шайланат. Башында бир мандаттуу округ боюнча 320 жаран талапкерлигин коюуга арыз берген. Бирок алардын бир бөлүгү кийин жарышка катышуудан баш тартып койгон. 

Округдардын ар биринен бирден гана талапкер жеңүүчү болот. Жыйынтыкты чыгарууда баарынан көп добуш алган талапкер жеңүүчү деп табылат. Эгер бир нече депутат бирдей добуш алып калса, БШКга каттоо үчүн документтерди мурда тапшырган талапкерге артыкчылык берилет.

Борбордук шайлоо комиссиясы АСУнун эсеби боюнча шайлоонун алдын ала жыйынтыгын жарыялагандан кийин колго саналган добуштардын дагы алдын ала жыйынтыгы боюнча маалымат берет. 

2020-жылдын октябрь окуяларынан кийин БШК парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Буга байланыштуу быйыл Жогорку Кеңешке шайлоо кайрадан өттү.

3614
Белгилер:
Кыргызстан, Жогорку Кеңешке шайлоо, регион, округдар, карта, инфографика
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
Азыркы талапкерлердин кимиси былтыркы шайлоого да катышкан. Ысымдар

ЖКга шайлоонун партиялар боюнча жыйынтыгы чыкты. АСУ эсеби

14923
(жаңыланган 21:08 28.11.2021)
2021-жылы 28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү. Автоматтык түрдө санаган электрондук урнанын (АСУ) эсебинин негизинде чыгарылган Жогорку Кеңешке шайлоонун партиялык тизме боюнча болжолдуу жыйынтыгын Sputnik агенттигинин инфографикасынан көрүңүз. 

Болжолдуу жыйынтыкты Шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссия жарыялайт. АСУ берген маалымат акыркы жыйынтык эмес.

Быйыл Жогорку Кеңешке шайлоо жаңы схема менен өтүүдө. 54 талапкер тизме менен шайланат, 36 талапкер бир мандаттуу округ менен келет. Жалпы 21 партия ат салышты: 

"Улуттар биримдиги", "Ишеним", "Альянс", "Кыргызстан жашылдар партиясы", "Бирдиктүү Кыргызстан", "Ата Мекен", "Ыйман нуру", "Эл үмүтү", "Азаттык", "Ынтымак", "Күчтүү регион", "Бүтүн Кыргызстан", "Аруузат — эл куту", "Ата-Журт Кыргызстан", "Мекенчил эл", "Ордо", "Багыт", "Жашасын Кыргызстан", "Улуу журт", "Легалайз" жана "Социал-демократтар".

Өлкө боюнча шайлоого катышкан жарандардын 5 пайыздан, жети облустан жана Бишкек, Ош шаарларынан 0,5 пайыздан кем эмес добуш алган партияга парламенттин эшиги ачылат. Канчалык көп добуш алса, ошончо мандатка ээ болот, бирок бир эле партияга 27ден көп мандат берилбейт.

Шайлоочулар партиянын өзүнө эле эмес, ичиндеги конкреттүү бир талапкерге да добуш бере алды. Талапкердин чогулткан добуштары партия мандаттарды бөлүштүрүп жатканда эске алынат. Ошондой эле аялдардын квотасына да көңүл бурулат. 

АСУ болжолдуу жыйынтыктарды жарыялагандан кийин Шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссия добуштарды кол менен санайт. 18-декабрга чейин БШК парламенттик шайлоонун партиялык тизме боюнча да, бир мандаттуу округ боюнча да акыркы жыйынтыгын айтышы керек.

Кыргызстанда быйыл ЖК шайлоосу кайрадан өткөрүлүп жатат. БШК 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес.

Ошондой эле ЖК шайлоосунун бир мандаттуу округ боюнча болжолдуу жыйынтыгы да белгилүү болгон. 

Редакциянын парламенттик шайлоо тууралуу материалында Автоматтык түрдө санаган электрондук урнанын эсебинин негизинде чыгарылган болжолдуу жыйынтыктар көрсөтүлгөн. Андан кийин кол менен саналган жыйынтыктар жарыяланат.

14923
Белгилер:
Кыргызстан, Жогорку Кеңеш, шайлоо, жыйынтык, саясый партия
Тема:
Жогорку Кеңешке шайлоо 2021
Тема боюнча
Шайлоодон бир күн мурда кимдер добуш бере алат? Тизме
Бул жолку депутаттар кантип шайланат? Кызыгы көп эрежелер тууралуу видео баян
Парламенттик шайлоого эл аралык 730 байкоочу көз салмай болду
БШКнын кызматкерлери Бишкектеги шайлоо участкасында

Шайлоонун жыйынтыгы боюнча корко турган эч нерсе жок! Иманкуловдун кайрылуусу

0
(жаңыланган 01:38 29.11.2021)
Республикалык штабдын жетекчиси шайлоочулардын добушу эми кол менен санала турганын айтып, бул процесске катышууга партия мүчөлөрүн чакырган.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча коркуп-үркө турган эч нерсе жок, аны бурмалаганга жол бербейбиз. Бул тууралуу парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча Республикалык штабдын жетекчиси Марат Иманкулов билдирди.

Ал ар бир бюллетенди текшерип чыгууга даяр экенин белгилеген.

"Айрым партиялар шайлоонун жыйынтыгы бурмаланды деп жазып жатышат. Биз ага жол бербейбиз. Мындай саясатты атайын жүргүзгөн жокпуз. Бул ачык шайлоо. Коркуп-үркө турган эч нерсе жок. Партия лидерлери, келгиле, ар бир бюллетенди текшерип чыкканга даярбыз. Шайлоонун акыркы жыйынтыгы кол менен санаганда гана чыгат. АСУнуку (автоматтык эсептөө урнасы) алдын ала жыйынтык. Бүгүн-эртең бардык шарттарды түзүп беребиз, партия мүчөлөрү менен ар бир шайлоо участкасынан чыккан бюллетендерди санап чыгабыз. Баарын кайра текшерип чыкканга даярбыз. Биз шайлоонун жыйынтыгын бурмалаганга жол бербейбиз", — деди Иманкулов.

Белгилей кетсек, кечээ БШКнын сайты эки жолу иштебей калган. Биринчисинде партиялардын алган добуштарын пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 100 эмес, 140 пайызга чыгып кеткен. Ошондой эле АСУдан түшкөн добуштарды көрсөтүп жаткан сайт маалымат бербей жабылып калган.

0
Белгилер:
БШК, Марат Иманкулов, шайлоо, жыйынтык, кайрылуу
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тема боюнча
БШК сайтынан "жоголгон" 14% добуш. Шайлдабекова жооп берди
Жогорку Кеңеш-2021 шайлоосунун алдын ала жыйынтыгы
Аял талапкерлердин арасынан Жогорку Кеңешке кимдер келе жатат? Тизме