Ар бир добуш жана мандат партиялар үчүн канчага айланды

1260
(жаңыланган 09:28 06.10.2015)
Жекшемби күнү, 4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү. Өзүнүн добуш берүү укугун пайдалангандардын саны, Борбордук шайлоо комитетинин акыркы маалыматына ылайык, 1 миллион 557 миңден ашты.
Саясий партиялардын шайлоо фондунан сарпталган акча каражаттары

Кыргызстанда шайлоо биринчи жолу биометрикалык маалыматтарды колдонуу менен өттү. Алдын ала жыйынтыктар боюнча, парламентке алты партия — КСДП, "Республика — Ата-Журт", "Кыргызстан", "Өнүгүү — Прогресс", "Бир Бол" жана "Ата Мекен" өттү.

Шайлоо алдындагы үгүт иштерине партиялар жалпы алганда 778 миллион сом сарптады. Ошону менен катар мамлекет шайлоону өткөрүүгө 224 миллион сом жумшаган.

Sputnik инфографикасынан үгүт кампаниясы учурунда кайсы партия баарынан көп каражат кетиргенин жана ар бир шайлоочунун добушу менен депутаттык мандат үчүн канча сом "корогонун" көрүүгө болот.

Шайлоого катышуучу саясий бирикмелердин ар бири шайлоо күрөөсүнө 5 миллион сом коюшкан. Бул сумма жети пайыздык чектен өтүп Жогору Кеңешке кире турган партияларга толук кайтарып берилет. Ал эми парламентке өтпөй калган партиялардын күрөөлөрү шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу үчүн бюджетке түшөт.

1260
Белгилер:
Кыргызстан, шайлоо, саясий партиялар, шайлоочу, чыгым
Тема боюнча
Электрондук урналар тарабынан автоматтык түрдө саналган добуштардын саны
Парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жүрүшү

Кыргызстанда канча эл артисти, эл акыны, эл жазуучусу бар. Инфографика

1995
(жаңыланган 18:04 26.10.2021)
Sputnik Кыргызстан агенттиги эл артисти, эл жазуучусу, эл акыны, эл сүрөтчүсү наамы канча адамга ыйгарылгандыгын тактап көрдү.
Биринчи категориядагы ардак наамдарга татыгандардын саны

"Мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамдар жөнүндө" мыйзамына ылайык, биринчи категориядагы ардак наамдарга Кыргыз Республикасынын эл артисти кирет. Ал мыкты көркөм образ, спектакль, телеспектакль, телефильм, кинофильм, концерттик, эстрадалык, цирк программаларын, музыкалык, телеберүү жана радио чыгармаларын жараткан артист, музыкалык аткаруучу, композитор, дирижёр, режиссёр, хормейстор, балетмейстер, төкмө акын, музыкалык, хор, хореографиялык жамааттардын көркөм жетекчилерине ыйгарылат. Адабиятты өнүктүрүүгө салым кошуп чыгармалары менен калың элге таанылган калемгерлерге эл жазуучусу, акындык чыгармачылыкты өнүктүрүүдө эмгеги барларга эл акыны наамы тапшырылат. Ал эми мыкты живопись, скульптура, графика, монументалдык, декоративдүү-колдонмо искусство жараткандарга эл сүрөтчүсү наамы берилет.

Ага татыктуу болгондорго өлкө башчысы алтын жалатылган колодон жана күмүштөн жасалган төш белги тапшырат.

Өлкө эгемендүүлүк алгандан бери 201 адам КРдин эл артисти, 37 калемгер эл жазуучусу, 34 инсан эл акыны жана 37 киши эл сүрөтчүсү наамына татыган. Өкмөт тарабынан аларга жеңилдиктер деле каралган эмес. Бир гана мамлекеттик мекемелерде иштесе айлыгына 5000 сом кошулат, бирок пенсиясына эч таасир этпейт.

Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө лонгридди Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.

1995
Белгилер:
Кыргызстан, сыйлыктар, инфографика

Кыргызстанда майды аз ичкен унаалар канчадан сатылууда. Инфографика

2989
(жаңыланган 20:39 24.10.2021)
Sputnik Кыргызстан көбүрөөк суроо-талап менен сатылып жаткан майды аз ичүүчү автоунаалардын баасы кандай өзгөргөнүн анализдеп көрдү.
Кыргызстанда эң өтүмдүү  автоунаалардын баасы

Инфографикада чыккан жылы жаңы унаалардын орточо наркы берилген. Мониторинг autobaza.kg, cars.kg, turbo.kg жана mashina.kg ресурстарына чыккан маалыматка карап январь-октябрь айларында жүргүзүлдү.

Эң көп сатылган 10 автоунаага төмөнкүлөр кирди:

  • Daewoo Matiz;
  • Honda Fit;
  • Lada 2107;
  • Toyota IST;
  • Hyundai Getz;
  • Volkswagen Golf;
  • Mazda Demio;
  • Chevrolet Spark;
  • Honda Civic;
  • Toyota Prius.

Дээрлик бардык унаалар 200дөн 1000 долларга чейин кымбаттаган.

Сатуучулар жана эксперттер машинанын баасы улам кымбаттай берет деген пикирде. Экономист Элдар Абакиров буга акчанын кунунун кетиши таасир этерин айтат.

"Элде накталай акча бар, бирок аны менен бай болуп кете албайсың. Болгону акча кунун жоготуп баратат. Ушундан улам баары, анын ичинде машина дагы кымбаттап жатат", — деди эксперт.

Чет өлкөдөн машина ташуучу компаниянын кожоюну Данияр Салякаев баалардын төмөндөшүнө үмүт артпай эле коюу керек деген пикирде.

"Учурда дээрлик баары кымбаттап жатат, ал эми машина суроо-талап менен колдонулат. Мындай кырдаалда эч качан арзандабайт. Бул реалдуулук, жакшы машина алуу үчүн акча чогултуш керек", — деди ал.

"Элчи" социалдык-саясий изилдөөлөр борборунун директору Денис Бердаков мындай жагдайга ири автоконцерндер тушуккан каатчылык түздөн-түз себепкер экенин белгилейт.

"Машина өндүрүүчүлөр кыймылдаткычтар үчүн керектүү тетиктердин тартыштыгына кабылышты. Тагыраагы, башкаруунун электрондук блокторунун, тышкы электр жабдууларынын, жабдыктарды башкаруу панелинин, мультимедиалык системалардын микросхемалары азыр жетишсиз болуп турат. Ушул өңдүү тетиктердин өндүрүш көлөмү пандемиянын, ар кыл мамлекеттердеги ушул багыттагы өндүрүш ишканаларына коюлган чектөө чараларынын айынан азайып кеткен", — деген оюн ортого салды эксперт.

Кыргызстанда автоунаалардын баасы кымбаттап жатканына чет өлкөдөн массалык түрдө транспорт ташылбай калганы да себеп болууда.

2989
Белгилер:
Кыргызстан, автоунаа, баа, сатып алуу, кымбат
Тема боюнча
Кыргызстандагы алдыңкы 10 жолтандабас менен кроссовердин баасы кандай өзгөрдү
Капельницалар улануу учурунда. Архив

Бишкекте тамакка ууланган адамдардын саны 300гө жетти

0
(жаңыланган 11:13 28.10.2021)
Уулануу өткөн ишембиде катталып, жабыркагандардын саны улам өсүүдө. Учурда ооруканада 31 киши дарыланып жатат, анын бешөө балдар.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Бишкекте тамактан ууланып ооруканага кайрылгандардын саны 300гө жетти. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Махамат Мурзашев билдирди.

Буга чейин кайрылгандар 253 болчу. Мурзашевдин айтымында, кечээ кечинде алардын саны 290го жетип, эртең менен 300 болду.

Учурда ооруканада 31 киши дарыланууда, анын бешөө балдар. Абалы туруктуу деп бааланууда. Бейтаптар акырындан үйүнө чыгарылып жатат. Кечээ стационарда 60 киши бар болчу.

Эске салсак, тамакка уулангандар 23-24-октябрь күндөрү ооруканага түшө баштаган. Санэпидкөзөмөл уулангандар Бишкектеги "Империя пиццы" кафесинин төрт филиалынан суши-ролл жегенин кабарлаган. 25-октябрь күнү уулангандардын саны 85ке, 26-октябрда 179га жеткен.

Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо министрлиги 25-октябрдан тарта ууланып ооруканага кайрылган адамдардын саны боюнча маалыматтарды берип жатат. Бирок пресс-релизде жабыркагандар кайсы жерден жана кандайча ууланганы так көрсөтүлгөн эмес. Болгону "Бишкектеги массалык уулануу" деп жазылган.

Ал арада Кыргызстанда тамак-аш саткан объектилерди текшерүүгө киргизилген мораторий жокко чыгарылды.

Кафенин филиалдарынын администрациясына жалпы суммасы 30,5 миң сомдук беш протокол түзүлгөн.

0
Белгилер:
Бишкек, тамак, уулануу, бейтап
Тема:
Бишкектин кафесиндеги массалык уулануу
Тема боюнча
Кыргызстанда кайсы объектилер капилет текшерилиши мүмкүн. Тизме