Футбол: Кыргызстан менен Бангладештин курама командаларынын баштапкы курамы

Жазылуу
Sputnik маалымат агенттиги Дүйнөлүк чемпионаттын тандоо раунддарынын алкагында беттешип жаткан Кыргызстан менен Бангладештин курама командаларынын баштапкы курамын окурмандарга сунуштайт.

Оюндар Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кечки саат сегизде башталат.

Кыргызстандыктар ак форма кийишсе, Бангладештин командасы кызыл форма кийет. Оюнга Бахрейнден келген арбитрлар калыстык кылат.

Буга чейин командалар Дакка шаарында беттешип, оюн 1:3 эсебинде Кыргызстандын пайдасына аяктаган.

Кыргызстандын курама командасынын машыктыруучусу Александр Крестинин, Бангладештин оюнчуларын Фабио Лопез машыктырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0