Кыргызстан интернетти кайдан кантип алат

675
(жаңыланган 15:32 26.01.2016)
Схемада Кыргызстандын интернет сегментинин автономдук системалары түшүрүлгөн.
Кыргызстандын Интернети

Автономдук система — бул эл аралык каттоочу тарабынан уюм-ишканаларга берилген интернет-даректердин диапазону. Схемада байланыш операторлору же провайдерлер жана башка уюмдар бар. Эгер андан тааныш аталыш табылбаса, анда бул ишкананын автономдук дарек диапазону жок экенин билүүгө болот.

Муну менен бирге биз Кыргызстан кайсы чет элдик провайдерлерге туташканын көрсөттүк.

Схеманы түзүүдө ачык маалымат колдонулду.

Интернет — ар убак өзгөрүп туруучу "тирүү" тармак. Схема жарыялоо учурундагы гана Кыргызстандагы интернет сегментинин структурасына дал келет.

675
Белгилер:
интернет-провайдер, интернет, Кыргызстан

Кыргызстандагы эң кымбат 10 университеттин тизмеси жана баалары

1021
(жаңыланган 13:20 01.03.2021)
Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандагы окуу акысы эң кымбат 10 жогорку окуу жайдын тизмесин жарыялады. Арасында акысы 50 миң сомдон жарым миллионго чейин чапчыгандары бар.
Кыргызстандагы  эң кымбат 10 университет

Кыргызстандагы эң кымбат университет болуп АУЦА эсептелет. Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, жылына орто эсеп менен студент 482 400 сом төлөйт.

Экинчи сапта Медицинанын эл аралык жогорку мектеби. Бул жерде жалаң гана чет элдиктер билим алышат. Студент жылына 210 000 сом төлөйт.

Салымбеков атындагы университетте бир жылдык окуу акысы жергиликтүү студенттер үчүн 75 миң, чет элдиктерге 165 миң сомго жетет.

Эл аралык медицина университетинин окуу акысы жеткиликтүүрөөк. Анда кыргызстандыктар жылына 93 миң, чет элдиктер 151 миң сом төлөшөт.

Кымбаттыгы боюнча алдыңкы беш сапка кирген окуу жайлардын катарында "Ала-Тоо" эл аралык университети бар. Жергиликтүүлөр үчүн жылына 80 миң сом болсо, чет элдиктер 173 миң сом төлөшү керек.

1021
Белгилер:
контракт, кымбат, Университет, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкектеги автомектептердин тизмеги. Шарты жана баалары

Эл көп алган машиналар 1 000 долларга чейин арзандады. Инфографика

1045
(жаңыланган 12:35 01.03.2021)
Ар жума сайын унаа базарындагы машиналардын баасына көз жүгүртүп турабыз. Sputnik Кыргызстан даярдаган инфографикада эл көп алган 15 унаанын наркы көрсөтүлөт.
Кыргызстандагы эң өтүмдүү автоунаалардын баасы кандай өзгөрдү

Кыргызстандыктар үчүн өткөн жумадагы эң популярдуу автокөлүктөр төмөнкүлөр болду:

  • Toyota Camry;
  • Daewoo Nexia;
  • Honda Fit;
  • Honda CR-V;
  • E класстагы Mercedes-Benz;
  • Daewoo Matiz;
  • 5-сериядагы BMW;
  • Volkswagen Passat;
  • Honda Accord;
  • Honda Odyssey;
  • Lexus GX;
  • Hyundai Sonata;
  • Lada 2107;
  • Toyota Prius;
  • Toyota RAV4.

Инфографикада өтүмдүү унаалардын орточо баасы чыгарылган. Мониторинг 2020-жылы ноябрда жана 2021-жылдын февралынын соңунда autobaza.kg, cars.kg жана mashina.kg сайттарындагы маалыматтарга таянуу менен жүргүзүлгөн.

Тизмеде эң кымбат деп эсептелген түрдүү үлгүдөгү унаалардын наркы бир топ төмөндөй түшкөнү байкалат.

2017-жылы чыккан Toyota Camry, 2008-жылы чыгарылган E класстагы Mercedes-Benz жана 2016-2017-жылкы Toyota RAV4 орто эсеп менен 1 000 долларга арзандаган. Ошондой эле 2003-2008-жылдары сатыкка чыккан Lexus GX баасы 400 доллардан 1 000 долларга чейин түшкөн.

Ал эми 5-сериядагы BMW, Hyundai Sonata, Toyota Prius бир аз баасын көтөрүп, мурдагы жумага салыштырмалуу 100-300 долларга кымбаттаган.

Аналитиктер баалардын өсүшү автоунаанын техникалык абалына жана тез арада сатылышына байланыштуу экенин айтышууда.

1045
Белгилер:
арзандоо, баа, базар, автоунаа, Кыргызстан
Тема боюнча
Курулуш компанияларынын жетекчилери Марипов менен жолугуп, көйгөйүн айтышты
Сотрудники МЧС на месте пожара в ресторане возле Ошского рынка в Бишкеке

15 саат болду. "Дордойдо" кездеме саткан дүкөндөгү өрт толук өчө элек. Сүрөт

0
(жаңыланган 12:15 07.03.2021)
Тилсиз жоо кечээ 20:30дар чамасында чыккан. Дүкөндүн жалпы аянты 450 чарчы метрди түзсө, болжол менен жарым бөлүгү күйгөн.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Кечээ кечинде Свердлов районуна караштуу "Дордой" базарында чыккан өрт азыркыга чейин өчө электигин ӨКМ билдирди.

Кечээ 20:30дар чамасында жайгашкан "Дордойдогу" "Алтын-Тоо" базарындагы текстиль материалдарын саткан дүкөндөн өрт чыккан.

Кырсык болгон жерге ӨКМден төрт өрт өчүрүүчү бригада, Бишкек шаардык куткаруу кызматтары тарабынан беш куткаруучу, штаб жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу, ИИМден төрт экипаж жана Тез жардам кызматынан бир бригада тартылган. Өрт саат 00:01де чектөөгө алынган.

"Дүкөндүн жалпы аянты 450 чарчы метрди түзсө, анын ичинен болжол менен 200 чарчы метри күйгөн. Азыр өрт толугу менен өчө элек. Адатта текстиль материалдары кеч өчөт", — деп айтылат маалыматта.

Учурда эки өрт өчүрүүчү бөлүм кызмат кылып жатат. Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.

0
Белгилер:
базар, дүкөн, өрт, ӨКМ, "Дордой" базары
Тема боюнча
Кара-Суу районунда бир мектеп толугу менен күйүп кетти. Сүрөт