Жыл ичинде ЕАЭБ валюталары менен евронун долларга карата өзгөрүүсү

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан редакциясы акыркы жыл ичинде евро, россиялык жана белоруссиялык рубль, армян драмы, теңге жана сомдун долларга карата өзгөрүүсү чагылдырылган инфографика даярдады.

Мында европа валютасы эң эле туруктуу болуп, 1,06-1,16 доллар аралыгындагы олку-солкулугу байкалды. Евро менен бирге армян драмы да олуттуу өзгөрүүгө дуушар болгон жок.

Ал эми Россиянын жана Белоруссиянын рублдери майдын ортосуна чейин туруктуу келип, андан кийин долларга карата арзандай баштаган.

Доллардын куну сомго карата ноябрга чейин өсүп келип, токтоп калды. Эки айдан бери ошол токтогон чегинде кармалып турат. Ал эми казак теңгеси тескерисинче, августка чейин туруктуу келип, андан кийин долларга карата кескин арзандай баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0