Бойдон алдыруу: сандар менен чагылдырылган аборттор

Жазылуу
2001-жылы аборттордун саны жарык дүйнөгө келген ымыркайлардан ашып кеткен.

Sputnik Кыргызстан балдардын төрөлүшүн пландаштырылышы тууралуу кызыктуу маалыматтарды чогултту. UNICEF менен Улуттук статистикалык комитеттин берген отчетторунун негизинде кокусунан бойго бүтүү жана бойдон алдыруу жөнүндө ойлонто турган фактылар келтирилди.

  1. Статистика боюнча Кыргызстанда бойдон алдыруунун көлөмү жакырчылыкка эч тиешеси жок. Ал эми никеге туруу жана баланын төрөлүшү элдин жашоо-шарты менен түздөн-түз байланыштуу.
  2. Акыркы 15 жыл аралыгында Кыргызстанда жакырлардын саны эки эсеге азайган. Турмуш кургандардын саны тескерисинче көбөйгөнү аныкталган.
  3. Аялдардын 99,6 пайызынын контрацепция тууралуу маалыматы бар.
  4. Күйөөсү бар үч аялдын экөөсү контрацепциялык каражаттарды пайдаланбайт.
  5. Бойго бүтүрүүдөн сактоочу каражат катары кыргызстандык аялдар көбүнчө жатындын сыртына коюлуучу спираль пайдаланышат. Экинчи орунда презерватив турса, үчүн сапты ар кандай дары-дармектер ээлейт.
  6. Ысык-Көлдө 30 аялдын бири стерилизацияланган (түтүктөрдү буудуруп салуу).
  7. Статистика боюнча аял канчалык жогорку билимдүү болсо, ошончолук бойго бүтүүдөн сактоочу каражаттарды көбүрөөк колдонот.
  8. 17 жашка чейинки келиндердин өз ыктыяры менен бойдон алдырган учуру эң көп Чүй облусунда кездешет. Мындай кадамга миң кыздан үч кыз белсенген. Баткен облусунда бул көрсөткүч үч эсеге аз экени белгилүү болду.
  9. 18 жаштан 49 жашка чейин аялдардын эң көп бойдон алдырганы Чүй облусу менен Бишкек шаарында жашайт. Былтыркы жылдын эсеби менен аталган аймакта жашаган 50 аялдын бири абортко барган. Ошто мындай көрүнүш беш эсеге аз кездешет.
  10. Орточо эсеп менен кыргызстандык аял 23,2 жаш курагында биринчи ирет көз жарат. Ал эми турмушка чыккан орточо курак 23,4 жашты түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0