Кыргыздын музыкалык аспаптары. Кылымдарды карыткан кереметтүү добуштар инфографикада

81556
(жаңыланган 15:45 29.07.2019)
Кыргыздын улуттук музыкалык аспаптары байыркы замандан тарта элдин жашоосун коштоп, оош-кыйыш учурларда да колдонулуп, бүгүнкү күнгө чейин жетти. Аталган багытта Sputnik Кыргызстан интерактивдүү инфографика жасады.

Ата-бабаларыбыз комуз, кыл кыяк, темир комуз, чоор сыяктуу аспаптар менен көкүрөктө жаткан сезимдерин, толгонууларын билдирген мааниси терең күүлөрдү жараткан. Обон созуп, жүрөктөн чыккан ырларды дал ушул аспаптардын коштоосунда аткарышкан.

Биз жогорудагы инфографикада берген музыкалык аспаптар жай турмушта эле эмес, жоокерчилик заманда да колдонулган. Алар согуштук аракеттерди баштарда белги берген, аскер башчыларынын келишин коштогон учурларда ойнолгон. Маселен, кыргыз элинин улуу эпосу "Манастагы" согуштук эпизоддордо керней, сурнай, добулбас туурасында маалыматтар арбын кездешет. 

Sputnik Кыргызстан жогорку инфографикада кыргыздын улуттук музыкалык аспаптарынын ичинен негизги делген 11ин тандап алды. Алар комуз, кыл кыяк, керней, сурнай, сыбызгы, чоор, чопо чоор, добулбас, темир ооз комуз, жыгач ооз комуз, жетиген. Бул жердеги дагы бир өзгөчөлүк — үн ойнотуучу баскычтын жардамы менен ар бир аспаптан кандай үн чыгаарын угуу мүмкүнчүлүгү болду. 

Жогорудагы инфографика кыргыз элинин маданиятына, анын ичинен улуттук музыкалык аспаптарга кызыккандарга, жалпы коомчулукка, студенттерге, мектеп окуучуларына пайдалуу болот деген пикирдебиз.

81556
Белгилер:
жетиген, темир ооз комуз, добулбас, чопо чоор, чоор, сыбызгы, сурнай, керней, улуттук музыкалык аспаптар, комуз, кыл кыяк, Кыргызстан
Тема боюнча
Боз үй — кыргыздардын уникалдуу турак-жайы
Жарма жана бозо — кыргыздын улуттук суусундуктары. Касиеттери жана жасоо ыкмалары
Жайында ысыктан, кышында сууктан сактаган ак калпак инфографикада

Пандемия башталгандан берки алгачкы жолугушуу. ЕАЭБ тууралуу инфографика

240
(жаңыланган 13:47 17.07.2020)
Бүгүн, 17-июлда, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн премьер-министрлери Евразиялык өкмөт аралык жыйынга чогулушту. Иш-чара онлайн эмес, кадимки форматта Минск шаарында өтүп жатат. Бул — COVID-19 пандемиясы башталгандан берки алгачкы жолугушуу.
Евразиялык экономикалык биримдик сандар менен

Жыйынга Кыргызстан, Россия, Белоруссия, Казакстан, Армения жана Молдова өлкөлөрүнүн премьер-министрлери катышууда. Анда өкмөт башчылары соода, ички рыноктун иштөө механизми, атаандаштык жана өндүрүш маселелерин талкуулашмакчы.

Ошондой эле саламаттык сактоо тармагындагы бир катар көйгөйлөр каралып, ЕАЭБ өлкөлөрүндө коронавирустун жайылуусун токтотуу маселесине токтолушат.

Кубатбек Боронов ЕАЭБ жыйынына катышуу үчүн Минск шаарына учуп кетти

Мындан сырткары, премьер-министрлер Жерди аралыктан зонддоонун негизинде геомаалымат жана космос кызматтарын жеткирүү боюнча кызматташуунун мамлекеттер аралык программасынын долбоорун карашат.

Саммитте ЕАЭБдин айыл чарба тармагын өнүктүрүү жана Биримдикти индустриялаштыруу маселеси да талкууланат.

Евразия экономикалык комиссиянын маалымат кызматы билдиргендей, жыйынга катышуудан тышкары Биримдиктин өкмөт башчылары Белоруссия жетекчилиги менен жолугушат.

ЕЭК Кыргызстандын өнүктүрүү институтун түзүү демилгесин карап чыкты

Евразия экономикалык биримдиги 2015-жылы түзүлгөн. Бүгүнкү күндө анын курамында Кыргызстан, Армения, Белоруссия, Казакстан жана Россия мамлекеттери бар. Молдова байкоочу өлкө катары жыйындарына катышып келет. Мындан сырткары, Өзбекстан дагы ЕАЭБге байкоочу статусун алышы ыктымал.

2019-жылга карата ЕАЭБ калийи бар жер семирткичтерин өндүрүү боюнча дүйнөдө 1-орунда, ал эми газ жана мунай өндүрүү жагынан экинчи орунда турат.

240
Белгилер:
өкмөт башчы, көйгөй, жыйын, Минск, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема боюнча
ЕЭК Кыргызстан, Казакстан жана ЕАЭБ ортосундагы көйгөйдү кантип чечет?

Булар менен дүйнө сыймыктанчу! Олимпиаданы багынткан 8 кыргыз спортчусу

459
(жаңыланган 14:06 15.07.2020)
40 жыл мурда кыргыз спортунда гүлдөгөн мезгил болгон. Кыргыз ССРинде туулуп-өскөн бир эмес сегиз адам дароо Олимпиада медалын тагынышкан. Унутулгус учурду эсиңиздерге салууну чечтик.

Советтик Кыргызстандан чыккан сегиз спортчу Москвадагы Олимпиадада кантип жеңишке жеткенин Sputnik агенттиги даярдаган видеоинфографикадан көрө аласыздар.

Жүрөк тилген видео! Аталардын Улуу Ата Мекендик согуштагы эрдиги

Кыргыз спортунун ошол кездеги жылдыздары Александр Мелентьев, Татьяна Колпакова, Каныбек Осмоналиев, Александр Блинов, Александр Панфилов, Николай Чернецкий, Сатымкул Жуманазаров, Александр Абушахметовдор эле.

Бардыгы биригип беш алтын, эки күмүш жана бир коло медаль алышкан. Кыргыз спортчуларынын арасында мындай ийгилик Олимпиадага чейин да, андан кийин да боло элек. Москвадагы спорт оюндары кыргыз спорту үчүн чындыгында чоң жетишкендик алып келген.

459
Белгилер:
жетишкендик, медаль, спорт, олимпиада, Москва, Кыргызстан
Тема:
Москвадагы Олимпиада-80
Тема боюнча
КМШ өлкөлөрүнүн биринчи спорттук турнирин сентябрда өткөрүү пландалууда
Уйлар. Архив

Ош: күйдүргү чыккан уй эмделбегени үчүн ветеринарлар жазаланды

0
(жаңыланган 18:29 12.08.2020)
Учурда Ош облустук ооруканасында күйдүргүгө шектелип жети киши жатат, ал эми бир адамдан илдет тастыкталган. Оору очогу болгон айыл карантинде.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл өкмөтүнүн Тогуз-Булак айылында союлган уйдан күйдүргү тараганына байланыштуу эки тарап жазаланды. Бул тууралуу Sputnik агенттигине айыл өкмөттүн башчысы Курманбек Мияшев билдирди.

Анын айтымында, ооруга себепкер болгон уй убагында эмделбегени үчүн Кара-Суу районунун Беш-Мойнок ветеринардык сервисине айып тагылды. Себеби уй ошол жакта багылган, ал эми Тогуз-Булак айылына жай мезгилинде убактылуу алып келинип, малчылар карап жаткан. Ошондой эле аны сойгон кишиге дагы айып салынган.

"Малды убагында эмдеп турушу керек болчу, бирок бул иш аткарылган эмес. Учурда ошол оорулуу уйдун эти чогултулуп, териси, кыгы эпидемиологдордун көрсөтмөсү боюнча көмүлдү. Эки миңден ашуун мал жандык күйдүргү оорусуна каршы эмделди", — деди Мияшев.

Тогузбаева: шарп, кутурма, күйдүргү — адам өмүрү үчүн да кооптуу

Эске сала кетсек, 11-августта Ош шаарынын Кара-Суу районундагы Тогуз-Булак айылында күйдүргүгө шектелгендер болуп жатканы маалымдалган. Ош облустук клиникалык ооруканасы 2-августтан тарта сегиз бейтап түшкөнүн билдирген. Кийинчерээк бир кишиден күйдүргү оорусу лабораториялык жактан тастыкталып, Тогуз-Булак айылы карантинге алынган.

Учурда оорунун очогундагы тургундардын күн сайын дене табы өлчөнүп, медициналык байкоо жүргүзүлүп жатат. Ал эми уйдун этин жеген 288 кишиге ооруну алдын алуу үчүн атайын дары-дармектер берилүүдө.

Ошондой эле илдет чыгышы мүмкүн деген жерлер дезинфекцияланып жатат.

 

0
Белгилер:
уй, эмдөө, оору, ветеринария, күйдүргү, Тогуз-Булак, Кара-Суу району, Ош облусу
Тема боюнча
Оштун Кара-Суусунда сегиз киши күйдүргүгө шектелип ооруканага түштү
Күйдүргү: Кара-Суунун Тогуз-Булак айылына карантин киргизилди