Нумизматтар Кыргызстандын тарыхын дирхемдерди изилдеп, толукташат

Жазылуу
Кыргызстандын аймагында колодон куюлган алгачкы тыйындардын ортосунда чарчы көзөнөкчө болгон. Бир жагынан алганда ал башкаруучунун номиналы менен титулунун маанисин түшүндүрсө, экинчи жагынан уруунун белгисин — Тамганы туюнткан. Ыңгайлуулук үчүн тыйындарды жипке тизип, түйүндөр менен эсептешкен.

VIII кылымдын экинчи жарымында Түргөш каганатынын ордуна келген карлуктардын феодалдык төбөлдөрү өздөрүнүн тыйындарына "Карлук каган" деген уламышты (жазууну) жазышкан.

Бул тууралуу тарых илимдеринин кандидаты, нумизмат Александр Камышев маалымдады. 

Х кылымда, исламды кабыл алган Караханиддердин доорунда мусулман үлгүсү менен тыйындар даярдала баштаган. Өздөрүнүн гүлдөп турган доорунда Караханиддер Кытайдагы Кашкар чөлкөмүнөн тартып Бухарага чейин ээлик кылышкан. Анын борбору Баласагын шаары болгон. 

"Караханиддер күмүш дирхемдерди жана жез фельстерди чегип жасашкан. Алтын динарлар жүгүртүүгө чыгып турган. Жука жана жалпак тыйындарга 30га чейин сөздү батырып жазышкан. Бул так маалыматы бар өзүнчө бир чегилген жазуу", —дейт окумуштуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0