Парад, салют жана ат оюндары: Эгемендүүлүк күнүн кайдан майрамдаса болот

Жазылуу
31-август күнү Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгын белгилейт. Дал ушул күнү 1991-жылы республиканын Жогорку совети көз карандысыздык боюнча декларация кабыл алган.

Быйыл бул күнү эртең менен башталган майрамдык иш-чаралар кечке чейин созулат. Ала-Тоо аянтында эртең менен аскердик парад болот. Майрамдын көркүн "Ак-Кула" ипподромундагы ат оюндары жана көк бөрү таймашы ачат.

Майрам Ала-Тоо аянтындагы жергиликтүү эстрада жылдыздарынын катышуусундагы концерт менен коштолот. Андан кийин саат 23.00дө салют атылат. 

Sputnik Бишкекте өтө турган кызыктуу иш-чаралар белгиленген инфографиканы сунуштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0