Үйлөнүү тою быйыл Кыргызстанда канчага бааланууда

Жазылуу
Өлкөдө той-аш күчөп, үйлөнүү үлпөттөрү "жар-жарлап" турган кез. Sputnik Кыргызстан үйлөнүү тоюн уюштуруп, кыз-күйөөнүн азем кийимине канча акча керектеле турганын эсептеп чыкты. Андан тышкары, ресторанда банкетке жана меймандар үчүн оюн-тамаша программасына канча кетерин өз алдынча санаганыңызга ыңгайлуу болгудай атайын калькулятор иштеп чыкты.

Кыргыз бүлөсүндө үйлөнүү тою кызды узатуунун уландысы болуп эсептелет. Той күйөөнүн үйүндө да, кафе-ресторанда да өтөт. Үйдө анын тууган-туушкандары, жакындары, достору чогулуп, эки жашка бата берилет. 

Азыркы кыргыз тою салттык үйлөнүү тоюнан анча айырмаланбайт. Башкы өзгөрүүлөр заманбап мүмкүнчүлүктөргө байланышкан. Мисалы, эгер той аземин мурда ак өргөдө гана өткөрүп келишсе, эми меймандарды ресторанга чакырып коноктоо адат болуп алган. Каада-салттарды сөзсүз сактоо жагынан да айырма бар. Бирок эң башкы эреже — эки жаш баш кошкондо чоң той берүү өзгөрүүсүз калды. 

Үйлөнүү үлпөттөр күч алып турган мезгилде Sputnik Кыргызстан 200 адамдык салтанатты уюштурууга сарпталчу негизги чыгымдарды тизмектеп, алардын орточо эсебин чыгарды. Ага ылайык, Кыргызстанда үйлөнүү тоюна 694 миң 550 сом кетет экен. 

Мындан тышкары, редакция чакырылган элдин санына жараша үйлөнүү аземинин наркын эсептөө үчүн калькулятор иштеп чыкты.


Жаңылыктар түрмөгү
0