Кыргызстандыктар кандай автоунаа сатып алат? Инфографика

1668
(жаңыланган 13:18 07.12.2016)
Кыргызстандыктар көбүнчө кандай түстөгү автоунааларга кызыгышат? Өлкөдө кандай автоунааларды көбүрөөк сатып алышат? Унааны сатуу үчүн канча убакыт кетет?
Кыргызстандыктар кандай автоунаа сатып алат?

Кыргызстандагы машиналардын кандай сатылып жаткандыгы тууралуу Lalafo акысыз жарнамалар сайты маалымат берди. Порталдын маалыматына ылайык, Кыргызстандагы эң белгилүү автоунаа маркалары — Mercedes, Toyota, Honda.

Ошондой эле баасы 3-6 миң долларлык машиналар абдан өтүмдүү.

Кыргызстанда машина орточо алганда бир айдын ичинде сатыла турганы аныкталды.

Lalafo сайтында айтылгандай, машиналардын эң белгилүү түстөрү болуп — кара, ак жана күмүш түстөрү саналат. Эрежеге ылайык, Кыргызстанда көбүнесе 150-200 миң чакырым аралык жүргөн 2000-2002-жылкы автоунаалар сатылат.

1668
Белгилер:
автоунаа, баалар, Түс, белгилүү

Кыргызстандагы алдыңкы 10 жолтандабас менен кроссовердин баасы кандай өзгөрдү

438
(жаңыланган 20:01 16.10.2021)
Ар апта сайын Sputnik Кыргызстан колдон алынган автоунаалардын баасы тууралуу маалымат берет. Бул жолкусунда эл оозундагы жолтандабас менен кроссоверлердин наркына баам салдык.
Өлкөдөгү өтүмдүү жол тандабас  менен кроссоверлердин баасы

Өтүмдүү автоунаалардын алдыңкы ондугуна төмөнкүлөр кирди:

  • Lexus GX 470;
  • Honda CR-V;
  • Toyota RAV4;
  • Lexus RX 350;
  • Volkswagen Touareg;
  • Subaru Forester;
  • Toyota Landcruiser;
  • Kia Sportage;
  • Hyundai Santa Fe.

Инфографикада жылы жаңы автоунаалардын баасы көрсөтүлдү. Биз сатуучулар сураган баанын орточо ченин беребиз. Демек, баа дал ушундай деп айтууга болбойт.

Тизмедеги автолордун басымдуу бөлүгү орточо 200-1500 долларга кымбаттаган. Бул Lexus GX 470, Lexus RX 350, Honda CR-V, Toyota Landcruiser жана башка.

Ал эми Volkswagen Touareg менен Toyota RAV4 орточо 200-500 долларга арзандаган.

438
Белгилер:
автоунаа, базар, баалар, соода
Тема боюнча
Бишкектеги батирлердин сентябрдагы ижара акысы

Автоунаалар кымбаттап жатат! Кыргызстандагы машиналардын баасы боюнча инфографика

5627
Sputnik Кыргызстан ар апта сайын унаа базарындагы машиналардын баасы тууралуу маалымат берип келет. Бул ирет универсалдар менен минивэндердин баасы акыркы жарым жылда кандай өзгөргөнүн билип көрдүк.
Кыргызстанда көп колдонулган  автолордун баасы. Универсал  жана минивэндер

Редакция autobaza.kg, cars.kg, turbo.kg жана mashina.kg ресурстарын карады. Окурмандардын ыңгайы үчүн машинанын ар бир үлгүсүнүн орточо баасы келтирилди.

Эң өтүмдүү автоунаалар:

  • Honda Odyssey;
  • Subaru Outback;
  • Toyota Ipsum;
  • Honda Stepwgn;
  • Honda Stream;
  • Toyota Caldina;
  • Volkswagen Passat B5;
  • Mercedes W203 C-класса;
  • Audi A6;
  • Suzuki Liana.

Машиналардын дээрлик бардыгы кымбаттаган. Кышкы бааларга салыштырмалуу баа 300-1000 долларга жогорулаган. Ал эми 2000-жылкы Audi A6 менен 2007-жылкы Subaru Outback 200 долларга арзандаса, 2001-жылкы Suzuki Liana 100 долларга түшкөн.

5627
Белгилер:
Кыргызстан, автоунаа, баа, базар, унаа
Тема боюнча
Батир издеп жүрөсүзбү? Бишкектеги үйлөрдүн сентябрдагы баасы
Майды аз ичкен автоунаалар миң долларга чейин кымбаттады. Инфографика
Суусундук кармаган кыздар. Архивдик сүрөт

Ден соолукту талкалаган суусундук. Дарыгердин эскертүүсү

0
Дарыгер кадимки сууну да качан гана чаңкаганда ичүү керектигин айткан. Бирок аны көп ичүү эмнеси менен кооптуу экендигин тактаган эмес.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Адамдын ден соолугуна коркунуч жаратып, диабеттен тарта онкологиялык ооруну чакырган азыктардын бири газдалган таттуу суусундуктар экенин дарыгер жана теле алып баруучу Александр Мясников айтып берген. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Адистин айтымына караганда, баарынан кооптуусу газдалган суусундук.

"Диабетти жаратып, кишини семиртип, акырында онкологиялык ооруга алып барып такайт. Бул чындыгында ден соолукту талкалоочу жолдордун бири. Остеопороздон тарта онкология, жүрөк, кан тамыр ооруларын жаратат", — деп түшүндүргөн Мясников.

Дарыгер кадимки сууну да качан гана чаңкаганда ичүү керектигин айткан. Бирок сууну көп ичүү эмнеси менен кооптуу экендигин тактаган эмес.

Мясников чай менен кофенин пайдалуу жактарын да эске сала кеткен. Кофе жүрөк, кан тамыр илдеттеринин, боор оорунун алдын аларын айтса, көк чайдын онкологияга каршы күрөшүү артыкчылыгын белгилеген.

Буга чейин россиялык онколог Елена Смирнова жоон ичеги рагына кабылуу тобокелчилигин арттырган суусундуктарды тизмектеп айтып берген. 

0
Белгилер:
Россия, ден соолук, суусундук, зыян
Тема боюнча
Боору жарабай калган. 1,5 литр коланы 10 мүнөттө ичкен киши каза болду