Өлкөнүн башкы телемунарасы

232
Бишкектеги эң бийик курулуштардын бири дал ушул телемунара.
Республиканын башкы телемунарасы

Анын бийиктиги 193 метр. Бул телемунаранын жардамы менен Кыргызстандын бардык булуң-бурчуна радио жана теле толкундар тарайт.

Анын темирлери Новосибирск шаарында жасалып, 40-60 жылга чейин кызмат кылат деп эсептелген. Анын өзгөчөлүктөрү эмнеде экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан караңыз.

8-декабрь Кыргызстанда радио жана телеберүү кызматкерлеринин күнү катары майрамдалат.

232
Белгилер:
телеберүү, телемунара, Бишкек, Кыргызстан

Бишкек менен Оштогу батирлердин ижара акысы. Жаңыланган маалымат

97
Бул аптадагы бааларга ылайык, баш калаада бир бөлмөлүү батирдин ижара акысы 9 миң сомдон 20 миңге чейин жетти. Ош шаарында болсо турак жайдын ижарасы 10 миң сомдон 16 миңге чейин бааланууда.

Ар жума сайын Sputnik агенттиги ачык булактардан маалыматтарды топтоп, Бишкек жана Ош шаарларындагы батирлердин ижара акысына байкоо салып турат.

Бишкекте эмеректери жок бир бөлмөлүү батирди жайгашкан жери жана абалына жараша 8 миңден 11 миң сомго чейин ижарага алса болот. Эмеректери бар турак жайлар 9 миңден 20 миң сомго чейин бааланууда. Эки бөлмөлүү батирдин ижара акысы 12 миңден 21 миңге чейин, үч бөлмөлүү батир 13 миңден тарта 40 миң сомго чейин жетет.

Ошто муниципалдык ипотека аркылуу берилчү көп кабаттуу үй курула баштады. Эскиз

Ош шаарында болсо эмеректери жок бир бөлмөлүү батирди 8 миң сомго ижарага сунуш кылышат. Эмеректери бар батирдин акысы 10-16 миң сом болууда. Ал эми эки бөлмөлүү батирди 8ден 20 миң сомго чейин ижарага алууга болот. Үч бөлмөлүү турак жай эмеректери менен 15 миңден 30 миң сомго чейин бааланууда. Эмеректери жок үч бөлмөлүү батирди 4 миңден 15 миң сомго чейин алууга болот.

97
Белгилер:
акы, ижара, батир, Ош, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Ижара акысы канча? Бишкек менен Ошто батир издегендер үчүн маалымат

Шайлоодо ат салышчу партиялардын талапкерлери. Толук тизме

816
(жаңыланган 12:08 18.09.2020)
Октябрь айында болчу Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого жалпысынан 16 саясий партия, алардын катарында 2 миңдей талапкер катышат. Тизмесин толугу менен Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан көрө аласыз.

4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого аттанган партиялардын тизмесин бир нече күн мурда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия расмий сайтына жарыялаган.

Окурмандарга ыңгайлуу болушу үчүн Sputnik редакциясы бардык партияларды бир материалга чогултуп, бюллетендеги номерлерине жараша жайгаштырды. Ар бир талапкердин атынын жанында туулган жылы жана кызмат орду боюнча маалымат көрсөтүлгөн.

Баса, тизмеде шайлоо алдында мурдагы партиясына кол шилтеп, тагдырын башкага байлаган депутаттар дагы бар. Кыскасы, азыркы депутаттардын 84ү кайрадан шайлоого бара жатканын көрүүгө болот.

Буга чейин жарышка аттанган партиялар тууралуу керектүү фактыларды даярдаганбыз.

Депутат болгусу келгендердин кандай кесипти аркалаганы, билими жана жаш курагы сыяктуулар кызыктырса, бул материалга баш багыңыз.

816
Белгилер:
тизме, саясий партиялар, талапкер, шайлоо, Жогорку Кеңеш
Тема:
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер — 2020
Тема боюнча
Депутат башында жаш келиндей. ЖКнын маалымат кызматынын жетекчисинин баяны
Түркия Кыргызстандагы парламенттик шайлоого 100 миң доллар бермей болду
Алма ширеси. Архивдик сүрөт

Диетолог организмге пайдалуу деп жүргөн азыктардын зыянын айтып берди

0
(жаңыланган 20:05 26.09.2020)
Адис май ден соолук үчүн маанилүү роль ойной турганын белгилеп, майы кетирилген сүт азыктарын алуу таптакыр эле пайдасы жок экендигин айткан.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Туура тамактануу үчүн колдонгон азыктардын көбүнүн организмге пайдасы жок. Бул тууралуу Sputnik радиосуна диетолог-нутрициолог Арина Скоромная айтып берди. 

Анын пикиринде, майлары кетирилген сүт азыктары ден соолукка оң таасирин тийгизбейт.

"Адамга май керек. Ал жок кальций сиңбейт. Ошондуктан майы кетирилген сүт азыктарынын дээрлик пайдасы жок десек болот. Изилдөөлөр боюнча мындай азыктар зат алмашууну кыйындатат", — деген Арина Скоромная.

Ошондой эле эртең менен эрте жемиштерден сыгылган ширени ичпей эле коюуну сунуштаган. Себеби кандагы канттын деңгээли көтөрүлүп кетет.

Чөнтөккө да күч келбейт, ден соолукка да пайдалуу. Диетолог 7 азыкты санады

Диетолог мүнөздөп тамак ичип жаткандарга арналып чыгарылган азыктарды дагы байкап алууга кеңеш берген. Маселен, фитнес-батондордун курамына жана чыгарган ишканага көңүл буруу керек. Адатта пайдалуу делген азыктардын көбүндө кант болот.

0
Белгилер:
адистер, май, ден соолук, азык, диетолог
Тема боюнча
Адис: жаңгак сиңимдүү болушу үчүн үч эрежени сактоо керек