Табигый кырсыктар каттала турган кооптуу жерлер

Жазылуу
Күн жылып өлкөнүн ар кайсы аймактарында кар көчкү түшүп, жер көчүп, сел жүрүү коркунучтары күчөй баштады.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Табигый кырсыктардан улам айрым жерлерде адам өлүмү катталууда. 26-март күнү таңга жуук Өзгөндө жер көчүп, алты кишиси менен бир үй-бүлөнү басып калса, 28-март түнү Бишкек — Ош унаа жолун кардан тазалап жаткан Транспорт министрлигинин төрт жолчусу каза болду.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жардамы менен табигый кырсыктар катталуу коркунучу бар жерлерди чогултуп, картага түшүрдү.

Жер көчкү каттала турган аймактар көпчүлүгү түштүк аймакта жайгашкан. Алсак, Ош облусунда Ош шаарынын айланасы, Яссы дарыясына куйган майда куймалар агып өткөн аймактар, Жалал-Абад облусунда Падыша-Ата, Көк-Арт, Майлуу-Суу жана башка дарыялар агып өтчү өрөөндөр кооптуу деп саналат. Ал эми Баткен облусунда Кызыл-Кыя шаарында жана Сүлүктү райондорунда да жер көчүү коркунучтары бар.

Көчкү алдында калган Валиев: унаада аба жетпей, өзүмдү жогото баштагам - Sputnik Кыргызстан
Көчкү алдында калган Валиев: унаада аба жетпей, өзүмдү жогото баштагам
Чүй облусуна караштуу Суусамыр, Чоң-Кемин өрөөндөрүндө жана Боом капчыгайында жер көчкү жүрүү коркунучу болсо, Бишкек шаарынын түштүк тарабы да коопттуу аймак болуп саналат.

Ысык-Көл облусунда Тоң жана Жыргалаң дарыялары агып өткөн өрөөндөр кооптуу болуп эсептелсе, Нарында Миң-Куш шаарчасы менен Нарын дарыясы агып өткөн аймактарда жер көчүшү ыктымал.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча өлкөдө жылына орто эсеп менен 70ке чукул селге байланышкан өзгөчө кырдаал катталат. Негизи Кыргызстандагы бардык аймактар сел жүрүү коркунучу бар деп эсептелет. Анын ичинен суусунун көлөмү нормадан өйдө болгон дарыялар болуп Ала-Арча, Беш-Таш, Шахимардан жана Кызыл-Суу дарыялары эсептелет.

Ал эми өлкөдөгү бардык унаа жолдордогу ашуулар жана капчыгайлар кар көчкү жүрүү коркунучу бар аймактар болуп саналат. Андыктан алыскы жолго чыгарда ӨКМ айдоочуларга жолдон абайлап айдоону жана 500 метр аралыкты сактоону эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0