Бишкектин саркынды сууларын тазалоонун алты этабы

Жазылуу
Бишкектин "кир" суулары тазалануу үчүн бир нече этаптан өткөндөн кийин Чу дарыясына куюлат.

Бишкектин канализациясынан чыккан саркындылар тазалоонун алты этабынан өткөндөн кийин кайра колдонууга берилет. Бул процесс борбордун түндүк жагында жайгашкан Аэрация станциясында ишке ашат.

Алгач саркынды суу чоң-чоң таштандылардан арылыш үчүн атайын тосмодон, андан соң кум, таш, шагылды тазалап салчу чыпкалардан өтөт.

Кийинчерээк суу калган кирлерден тазалануу үчүн атайын бассейндерге куюлат. Суунун түбүнө түшүп же калкып калган кирлер сордургуч менен сордурулат.

Бул жерде адамдан чыккан калдыкты жеп түгөтө турган микроорганизмдер бар. Ал эми алардын өзүнөн кутулуу үчүн сууну дагы башка бассейнге куюшат.

Андан соң сууга хлор кошулуп, андан ары Чу дарыясына куюлат.

Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин макаласынан окуй аласыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0