Баланы мектепке даярдоо канча турат

522
(жаңыланган 14:35 14.08.2017)
Окуу жылынын башталышына саналуу күндөр калды, ата-энелер учурда балдарды мектепке даярдап, тынбай жүргөн убактары. Sputnik Кыргызстан агенттиги буга канча акча кете турганын санап чыкты.
Баланы мектепке даярдоо канча турат

Борбор калаанын базарларында мектеп формасынын түрү кеңсе товарларындай эле абдан көп. Айрымдарынын баасы да өзгөргөн эмес. Соодагерлер мындай көрүнүштү доллардын туруктуу курсу менен байланыштырууда. Бирок буга карабастан, чет жактан келген кийим-кече менен бут кийимдин наркы бир аз кымбаттап кеткен.

522
Белгилер:
мектеп, мектеп формасы, окуу куралдары, баалар

Шайлоонун партиялар боюнча алдын ала жыйынтыгы. Кол менен саноо

9984
28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо болуп өттү. Добуштарды кол менен саноодогу алдын ала жыйынтыкты Sputnik даярдаган инфографикадан көрүңүз.

Партиялар боюнча ЖКга шайлоонун алдын ала жыйынтыгын (кол менен саноо) БШК жарыялады. Бирок бул шайлоонун расмий жыйынтыгы деп эсептелбейт. Добуштарды кол менен саноонун жыйынтыгы жаңы маалыматтардын түшкөнүнө жараша жаңыртылып турат. Шайлоочулардын добуштары эсептелгенден кийинки пайыздарды карасаңыздар болот.

Буга чейин БШК партиялык тизме боюнча алдын ала жыйынтыкты АСУнун эсебине таянуу менен жарыялаган.

Жаңы чакырылышта 120 эмес, андан азыраак, 90 депутатка кресло даярдалат. Мурда парламентке 21 жаштагылар шайланып келе алса, эми ал босого 25 жашка көтөрүлдү. Мындан ары эл өкүлү болом дегендердин жогорку билими болушу зарыл.

Бул ирет шайлоого 21 партия катышты. Алар: "Ата Мекен", "Бүтүн Кыргызстан", "Альянс", "Легалайз", "Ыйман нуру", "Күчтүү регион", Кыргызстандын либерал-демократтар партиясы, "Багыт", "Ынтымак", "Ишеним", "Азаттык", "Мекенчил эл", "Жашылдар партиясы", "Жашасын Кыргызстан", "Социал-демократтар", "Аруузат", Кыргызстандын биримдиги патриоттук партиясы, "Улуттар биримдиги", "Эл үмүтү", "Ордо", "Улуу журт", "Ата-Журт Кыргызстан".

Жыйынтыгында парламентке республика боюнча шайлоого катышкандардын добушунун 5 пайызынан, ар бир облустагы (Бишкек жана Ош шаары дагы кирет) шайлоочулардын добушунун 0,5 пайызынан жогору алгандар өтөт.

Бул ирет шайлоодо жарандар бир партияга гана эмес, андагы бир талапкерге дагы добуш бере алды. Партия алган мандаттар талапкерлердин топтогон добушуна жараша жана гендердик теңчиликти сактоо менен бөлүштүрүлөт.

9984
Белгилер:
Кыргызстан, Жогорку Кеңеш, шайлоо, жыйынтык
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо

Шайлоо-2021: бир мандаттуу округ боюнча кол менен саноонун алдын ала жыйынтыгы

2272
28-ноябрь күнү Кыргызстанда парламенттик шайлоо болуп өттү. Бир мандаттуу округ боюнча добуштарды кол менен саноодогу алдын ала жыйынтыкты Sputnik даярдаган инфографикадан көрүңүз.

Бир мандаттуу округ боюнча ЖКга шайлоонун алдын ала жыйынтыгын (кол менен саноо) БШК жарыялады, бирок бул шайлоонун расмий жыйынтыгы деп эсептелбейт.

Буга чейин БШК бир мандаттуу округдар боюнча алдын ала жыйынтыкты АСУнун эсебине таянуу менен жарыялаган.

Эске салсак, шайлоо жаңы эреже менен өттү. Эми парламентке 54 депутат партия тизмеси менен, 36 эл өкүлү бир мандаттуу округдан шайланып келет.

Кыргызстанда бардыгы 36 бир мандаттуу округ бар. Анын ар биринен бирден гана талапкер жеңүүчү болот. Жыйынтыкты чыгарууда баарынан көп добуш алган талапкер жеңүүчү деп табылат. Эгер бир нече депутат бирдей добуш алып калса, БШКга каттоо үчүн документтерди мурда тапшырган талапкерге артыкчылык берилет. 

2272
Белгилер:
Кыргызстан, Жогорку Кеңеш, мандат, шайлоо, жыйынтык
Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо
Тоого чыгып аткан туристтер. Архивдик сүрөт

Кегетидеги Көл-Төргө чыккан кореялык турист көз жумду

0
(жаңыланган 20:45 04.12.2021)
Чет өлкөлүк туристтин эс-учун жоготуп жыгылганы боюнча маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигине түшкөн.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Чүй районундагы Кегети капчыгайынын жогору жагында жайгашкан Көл-Төр көлүнө чыккан Түштүк Кореянын жараны каза болгонун ӨКМ билдирди.

Маалыматта чет элдик турист 70 жашта экени айтылат. Анын белгисиз себептерден улам эс-учун жоготуп жыгылганы тууралуу кабар ӨКМдин 112 кызматына саат 13.22лер чамасында түшкөн.

Жерине тартылган Токмок шаарынын төрт куткаруучусу сөөктү түшүрүп, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

0
Белгилер:
Чүй облусу, Кегети капчыгайы, Көл-Төр, сөөк, ӨКМ, ИИМ, турист
Тема боюнча
Ысык-Көлдө 15 күн мурда жоголгон турист кыздын сөөгү табылды. Сүрөттөр