Үйлөнүү тойдун быйылкы баасы кандай? Көйнөктөн жылкыга чейин

Жазылуу
Күздүн келиши менен Кыргызстанда тойлор күчөйт. Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги анын "баасын" билип көрүү үчүн ар күз сайын жаңы эсептөө жүргүзөт.

Мында үйлөнүү тоюн алып, кыз-күйөөнүн азем кийиминен тойго союлган жылкынын баасына чейин эсептедик. Sputnik иштеп чыккан калькулятор аркылуу ресторандагы банкетке жана меймандар үчүн оюн-тамаша программасына канча акча кетерин өз алдыңызча эсептеп көрсөңүз болот.

Работа кафе в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Өзүн актаган жана сызга отургузган тойлор. Инсультка жеткирген насыя
Кыргыз бүлөсүндө үйлөнүү тою кыз узатуунун уландысы болуп эсептелет. Той күйөөнүн үйүндө да, кафе-ресторанда да өтөт. Үйдө анын тууган-туушкандары, жакындары, достору чогулуп, эки жашка бата берилет.

Азыркы кыргыз тою салттык үйлөнүү тоюнан анча айырмаланбайт. Башкы өзгөрүүлөр заманбап мүмкүнчүлүктөргө байланышкан. Мисалы, эгер той аземин мурда ак өргөдө гана өткөрүп келишсе, эми меймандарды ресторанга чакырып коноктоо адат болуп алган.

Жогоруда 200 адамдык салтанатты уюштурууга сарпталчу негизги чыгымдарды тизмектеп, алардын орточо эсебин чыгардык. Ага ылайык, Кыргызстанда үйлөнүү тоюна орто эсеп менен 678 миң 800 сом кетери белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0