Израилдик турист кыз табылган жер. Карта

Жазылуу
29-сентябрда саат 13:30дар чамасында Көтөрмө ашуусунда израилдик турист Хилла Ливненин сөөгү табылган.

ӨКМ берген маалыматка ылайык, маркум кыз франциялык эки турист жана израилдик эркек киши менен бир топто болгон.

Буга чейин маалымдалгандай Ливнени акыркы жолу 23-сентябрда көрүшкөн. Бирок ӨКМдин маалымат кызматы туристтердин тобу 24-сентябрда Кара-Камыш көлү жакта түнөп, андан ары Сары-Челекке жол алышкан.

Көтөрмө ашуусунда так жол болбогондуктан Хилла топтон бөлүнүп кеткен. Ошол эле аймактан израилдик эркек турист аскадан кулап бутун кокустатып алган, ага франциялык туристтер жардам беришкен.

22 жаштагы Хилланы 70ке чукул киши беш күн бою издешкен. Ошондой эле издөө иштерине иттер дагы тартылган. Акыры анын сөөгү дрондун жардамы менен табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0