Барган жеринен бак айтсын! Кызга сеп кантип жана канчага даярдалат. Инфографика

Жазылуу
Кыргыздар ата салтын бекем туткан эл болгон. Кыз узатуу, уул үйлөө салттарына азыркыга чейин өзгөчө мамиле кылышат.
Сеп даярдоо — кыргызда бүгүнкү күнгө чейин өз маанисин жоготпогон олуттуу салттардан. Ата-эненин кызга болгон камкордугу мезгилге, замандын оош-кыйышына баш ийбейт эмеспи. Ооба, азыр айрым апалар өз колу менен шырдак оюп, аны шырып же ала кийиз жасабай калгандыр, бирок кызынын барган жеринде жакшы жашоосу, тиричилик оокат-буюмдардан кем болбошу үчүн ата-эне мурдагыдан жазбай кам көрүп келет.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин жаңыланган инфографикасы болочок келиндерге жана алардын ата-энелерине септи туура камдап, туура бергенге (ооба, кызга деп жыйнаган байлык-оокаттарыңызды туура көрсөтө билген жакшы) жана кыргыздардын кыз берүү салты жөнүндө кененирээк билүүгө жардам берет.
Жаңылыктар түрмөгү
0