Кыргызстандагы шайлоонун алдын ала жыйынтыктары. Электрондук урна санаган добуштар

Жазылуу
Кыргызстанда жекшемби күнү, 15-октябрда президенттик шайлоо болуп өттү.

Жалпысынан 11 адам президенттикке талапкерлигин койгон. 11 жана 13 катар номеринде Камчыбек Ташиев менен Бакыт Төрөбаев турган, бирок алар шайлоодон баш тартышты. Буга ылайык алардын фамилиясы бюллетенден чийилип салынган.

Ошондой эле Азимбек Бекназаров дагы шайлоодон баш тартканы менен БШКга арыз жазган эмес. Ушундан улам талапкерлердин катарынан чийилген жок.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда, шайлоого 3 миллион 25 миң 768 адам добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү болгон. Ишемби күнү 22 миң 281 жаран шайлоо участкаларынан тышкары мөөнөтүнөн мурда добуш беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0