Жыл башынан бери өрттөн 50 киши каза болгон. Тилсиз жоодон кантип сактануу керек

Жазылуу
Кырсыктын жарымынан көбү отко этият мамиле кылбагандыктан чыккан.

Январдан октябрь айына чейин өрттөн 50 киши каза болгонун ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Закрытие Международного военно-технического форума Армия-2016 - Sputnik Кыргызстан
Таласта турак жайдан өрт чыгып үй ээси күйүп кетти
Каза болгондордун экөө жаш балдар. Аталган мөөнөт ичинде 4 миң өрт кырсыгы катталган.

Кырсыктын жарымы отко этият мамиле кылбагандыктан келип чыккан. Эгер электр жабдууларды туура пайдаланганда ар бир төртүнчү өрт кырсыгы чыкмак эмес. Ал эми балдар ойноп жатып чыгарган өрт 9 пайызды түзөт.

Чыккан өрттүн 46,6 пайызы жеке турак жайда болгон. Куткаруучулар 63 кишинин өмүрүн сактап калган.

Өрт кырсыктарынын алдын алуу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги коопсуздук эрежелерин сактоо керектигин эскертет. Алар:

— Бузулган электр зымдарын колдонбоо керек;

— Колго жасалган жылытуучу жабдуулардан баш тартуу;

— Тез күйүүчү материалдарды үйдүн чатырында, жер төлөдө сактабаш керек;

— Балдарды кароосуз калтырбаш керек;

— Электр жабдууларын иштеген боюнча таштап кетпөө керек;

— Мештин морун тазалаганды унутпоо зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0