Жөнөкөй жол менен турак жайды кантип жылууласа болот. Жарандарга керектүү кеңеш

Жазылуу
Жер үй менен батирлердеги жылуулукту кыйналбай кантип сактаса болорун Sputnik агенттигинин инфографикасынан караңыздар

Бишкекте 26-январдан тарта аба ырайы кескин сууктап, дүйшөмбү күнү күндүз 18 градус суук болду. ТЭЦтеги кырсык азыркыга чейин жөнгө салына элек. Ал эми шаардыктардын үйү эптеп эле жылуу экенин тургундар байма-бай билдирүүдө.

Строительство завода по производству сжиженного газа Ямал СПГ - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги көп кабаттуу эски үйлөрдө жылуулук берүүчү система тоңуп жатат
Турак жайды кичине болсо да жылытуу үчүн парда менен жалюзилерди ачуу керек. Тийип турган күндүн табынын бир аз да болсо жардамы тиет. Кеч киргенде терезеге эки кат парда тартуу керек. Үйдөгү эски жеңил жуурканды тартып койсоңуз болот.

Терезенин айнек менен ашташкан жерине жел өткөрбөй турчу каражаттарды сүйкөп коюу жылуулукту кармайт. Ал эми терезенин ашык менен туура келген жерин кебез же поролон менен жылуулап, анын үстүнө жука кездемени же кагаз скотчту чаптоо керек.

Ал эми адистер үйдүн сырткы эшигин тиричилик дүкөндөрүндө сатылган атайын каражаттар менен каптоону сунуштайт. Ошондой эле эшиктин тешиктерин да жылуулоону унутпоо кажет.

Подготовка Бишкека к Новому году - Sputnik Кыргызстан
Мектептерде каникул узартылды
Көп кабаттуу үйдө жашагандар желдетүү каналдарын калың картон кагаз менен жаап койсо суук көп кирбей, үйдүн ичи 3-5 градуска болсо да көтөрүлөт. Анча маани бербегенибиз менен ваннага жуунуп чыккандан кийин эшикти ачып койсоңуз анын ичиндеги жылуулук башка бөлмөлөргө чейин барат. Себеби, ысык суудан бууланган аба тез тарайт.

Үйдү газ плита менен жылытууга болбойт, бул өрттүн чыгышына себеп болушу мүмкүн. Ошол эле учурда турак жайга ис толот.

Үйдүн жылчык-тешигин бүтөп, жылуу кийиниңиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0