Кыргызстандан учакка отуруп кайсы шаарларга түз жетсе болот

Жазылуу
Кыргызстандан учакка отуруп дүйнөдөгү 21 шаарга жете аласыз. Алардын эң узагы Санкт-Петербург шаары

Кыргызстандан түз эле кайсы шаарларга учса болорун Sputnik аныктап көрдү. Жарандык авиациянын берген маалыматына караганда, КРден тогуз мамлекеттин 21 шаарына түз каттам бар.

Мында Санкт-Петербургга сапар алгандар учакта эң узак убакыт өткөрүшөт (беш сааттан ашык).

Кыргызстанда 11 аэропорт бар. Алардын алтоо иштебейт. Кыргызстандагы 12 аэрокомпаниянын бардыгы Европа биримдигинин "кара тизмесине" кирген.

Чет мамлекетке чыгууга мүмкүнчүлүгүңүз жок болсо, Кыргызстандан деле сонун эс алсаңыз болот. Мисалы, кышкысын лыжа базаларына барып муз тээп, тоңгон шаркыратмаларды көрө аласыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0