Башыбыз көбөйүүдө! Калкынын саны тез өскөн Кыргызстандын аймактары

4343
(жаңыланган 18:13 30.04.2018)
Эң жай өсүү Нарын облусунда болду, мында бир жыл ичинде болгону үч миң гана адам кошулду.
Акыркы бир жылда Кыргызстан калкынын саны кандай өзгөрдү

Кыргызстанды кайсы аймагында калктын саны тез өсүп бара жатканын Улуттук статистика комитети аныктады.

Ведомствонун маалыматына караганда, калкынын саны алдыга кеткен облустардын алдында Ош турат. Ал жакта эл 27 миңге өскөн. 

Экинчи орунду тургундары 22 миңге көбөйгөн Жалал-Абад дубаны ээлеген. 

Бул үчтүктү Бишкек шаары жыйынтыктады. Борбор калаанын жашоочулары 21,7 миңге көбөйдү.

Төртүнчү орунда Чүй (16,5 миң), бешинчиде Баткен (10 миң) турат. 

Ош шаары жети миңге, Ысык-Көл облусу алты миң адамга өстү. Эң аз "жетишкендик" Талас жана Нарын облусунда, бул дубандардын жашоочулары төрт жана үч миңге гана көбөйгөн.

4343
Белгилер:
өсүү, статистика, калк, Кыргызстан