Бишкекте ачка калбаш үчүн канча акча табуу керек

Жазылуу
Статистикалык комитеттин кызматкерлеринин изилдөөсүнө караганда эң кымбат жашоо өлкөнүн түштүк аймагында.

Бишкекте жашоо үчүн канча каражат керек экенин Улуттук статистика комитети иликтеп чыкты. Анын маалыматына караганда азыр борбор калаада күнүмдүк турмушка керектелчү каражаттын минимуму 4 824 сомду түзөт.

Куруучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктардын кайсы тармакта арбыныраак иштери анык болду
Үч миң сомдон көбүрөөк акча тамак-ашка, 800 башка товарларга жана кызматтарга, ал эми 100 сом салыкка кетет.

Эң көп каражат эркектерге сарпталат, алар айына 5,5 миң сом жумшайт. Аялдар андан 150 сомго аз акча керектесе, балдарга 3,6 миң сом керек. Пенсионерлер 4,3 миң сомго жан сакташат. Эң кымбат жашоо Ош облусунда, бир айына тургундарга 5 319 сомдон талап кылынат.

Ал эми эң арзан жашоо Ысык-Көлдө. Көлдүктөр талап кылынган 4 407 сомдун 930 сомун эт сатып алууга жумшайт. 600 сомдой акча сүт азыктарына, 458 сом нанга кетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0