Ар бир кыргызстандыктын үйүнөн табылчу буюм-тайымдардын рейтинги

Жазылуу
Статкомдун отчетунда жылдан жылга радио менен фотоаппараттардын саны азайып баратканы айтылат.

Улуттук статистикалык комитеттин кызматкерлери дээрлик ар бир кыргызстандыктын үйүнөн табылчу буюм-тайымдардын түрүн аныктап чыкты.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан жашоого ыңгайлуу жерлердин рейтингинде 100 өлкөнү артка таштады
Маалыматка ылайык, ушу тапта ар бир үй-бүлөдө уюлдук телефон бар. Мында жүз үйгө 220 кол телефон туура келери аныкталган.

Андан тышкары, телевизорду да ар бир үйдөн табууга болот. Жүз бүлөгө 112 сыналгы туура келет экен. Алдыңкы үч сапты муздаткыч жыйынтыктайт. Жүз үй-бүлөгө 98и туура келет.

Кыргызстандыктар жылдан жылга фотоаппарат менен радиолорду азыраак пайдаланууда. Ушу тапта жүз үй-бүлөдө болгону 4 радио жана 5 фотоаппарат бар экени белгилүү болду. Ал эми унааны жүз бүлөнүн 23ү гана пайдаланып келет.

Элдин көпчүлүккө анчейин чыгаргысы келбеген сыры да бар. Алардын бири — үй-бүлөлүк зомбулук.

Жаңылыктар түрмөгү
0