Кыргызстанда кылмышты ким жасайт. Криминал боюнча статистика

531
(жаңыланган 10:44 03.07.2018)
Кылмышты негизинен жумушу жок калган, отуздан ашкан эркек кишилер жасагандыгы көрсөтүлгөн.
Кыргызстанда кылмыш кылгандар кимдер?

Кандай адамдар кылмышка бара тургандыгын Улуттук статистика комитети аныктап чыкты. Мекеменин маалыматына таянсак, анын 86 пайызын эркектер жасаптыр. Жети пайызы өспүрүмдөрдүн колунан келет экен. Ар бешинчи кылмышты 18ден 24 жашка чейинкилер жасай турганы анык болду. 

Жакшы эмес кадамга баргандардын арбыны — жумушсуздар. Криминалдык төрт иштин үчөө дал ушуларга туура келет.

531
Белгилер:
криминал, Кыргызстан

Кыргызстандагы айдоочулар тууралуу кызыктуу фактылар

809
Кыргызстанда рулга отурган эркектер менен аялдардын саны канча, кайсы курактагылар автоунаа айдоону үйрөнүүгө көбүрөөк кызыгат. Sputnik Кыргызстан дал ушул темада инфографика даярдады.

Кабарчылар Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтарына анализ жүргүзүп, айдоочулук күбөлүктөр 2017-жылы көп берилгенин аныктады. Андан кийин 2018-жылы 131 666 күбөлүк берилсе, 2019-жылы эки эсе кыскарып, 70 393тү түзгөн.

Жалпысынан алганда учурда 1 миллион 622 миң 109 кыргызстандыктын айдоочулук күбөлүгү бар. Анын 17 пайызын аялдар түзөт.

809
Белгилер:
факты, айдоочу күбөлүгү, айдоочу, Кыргызстан
Тема боюнча
КРде айдоочулук күбөлүк арзандап, автоунааны каттоо жеңилдеди
ЕАЭБге убактылуу автоунаа алып кирүү мөөнөтү узартылды

Фашисттер кыргыздын чебер аткычын жок кылышкан. Согуш тууралуу 10 факт

1426
Кыргызстандыктардын согуш учурундагы жашоо-турмушу тууралуу тереңирээк билүү үчүн Sputnik агенттигинин кабарчылары эски гезиттерди барактады. Жыйынтыгында согуш жылдарындагы Кыргыз ССРи жөнүндө мурда белгисиз 10 факт топтолду.
Улуу Ата Мекендик согушка катышкан кыргызстандыктар тууралуу кызыктуу 10 факт

Согуш учурунда республика фронтко колдон келген нерселердин бардыгын жөнөтүп турган. Ал учурдагы каатчылык мурда оозго албай турган нерселерди жеп күн көрүүнү мажбурлаган.

Мисалы, гезиттер эти сасык арам өрдөктү кантип туура бышырса болору тууралуу жазышкан. Алакандай жер калтырбай, жада калса, мектептердин аянтын дагы айдап салышкан.

Республиканын ар бир төртүнчү жараны согушка кеткен. Алардын арасында Борбор Азиянын эң чебер аткычы Дүйшөнкул Шопоков болгон. Кийин ал СССРдин баатыры катары тарыхта калган. Салгылаш учурунда фашисттер ага колго түшүп берүүнү сунуштайт. Бирок Шопоков душмандарга ок менен жооп берип, өзүнө дагы ок тиет.

Кыргызстандыктардын Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы турмушу тууралуу билүү үчүн Sputnik даярдаган видеоинфографиканы көрүңүздөр.

1426
Белгилер:
факты, Кыргызстан, Улуу Ата Мекендик согуш
Тема:
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы
Бишкеке Москвадан Кыргызстандын жарандары келди

Россиядагы кыргызстандык медиктер Бишкекке келди. Сүрөт

0
(жаңыланган 16:16 05.07.2020)
Мекенге ак халатчандардан тышкары кош бойлуулар, студенттер, оорулуулар жана башка зарыл себептери бар адамдар келди.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Москвадан кыргызстандык ыктыярчы дарыгерлер Бишкеке келип конгонун Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

  • Сегодня, 5 июля, в Кыргызстан прибыл борт авиакомпании «Аэрофлот – Российские авиалинии» по маршруту «Москва – Бишкек», которым в Кыргызстан возвращены 424 граждан Кыргызской Республики из России, включая 26 малолетних детей.
    Москвадан кыргызстандык ыктыярчы дарыгерлер Бишкеке келип конгонун Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди
    © Фото / пресс-служба МИД КР
  • Сегодня, 5 июля, в Кыргызстан прибыл борт авиакомпании «Аэрофлот – Российские авиалинии» по маршруту «Москва – Бишкек», которым в Кыргызстан возвращены 424 граждан Кыргызской Республики из России, включая 26 малолетних детей.
    Ага ылайык, "Аэрофлот — Россия аба жолдору" компаниясынын Москва — Бишкек каттамы менен 424 кыргызстандык келди
    © Фото / пресс-служба МИД КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба МИД КР
Москвадан кыргызстандык ыктыярчы дарыгерлер Бишкеке келип конгонун Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди

Ага ылайык, "Аэрофлот — Россия аба жолдору" компаниясынын Москва — Бишкек каттамы менен 424 кыргызстандык келди. КРдин Москвадагы элчилиги буга чейин өлкөгө бара турчу медиктердин саны 26 экенин айткан.

"Мекенге кайтып келүүнү каалагандардын саны көп болду. Ошондуктан элчиликтин, кыргыз диаспораларынын жана Москвадагы кыргызстандыктардын клиникаларынын өкүлдөрүнөн турган атайын комиссия кайтуусу зарыл адамдардын тизмесин даярдады. Ага студенттер, кош бойлуулар, оорулуулар жана оор жагдайга кептелгендер кирген. Ошондой эле азыркы кырдаалга кол сунууга келген кыргызстандык медиктер бар", — деп айтылат маалыматта.

Ошко Москвадан дагы 343 кыргызстандык учуп келди

Кайтып келгендер медициналык кароодон өтүү үчүн обсервацияга алынары кошумчаланды.

ТИМ сыртта калып калган мекендештерди кайтаруу иши уланып жатканын белгиледи.

0
Белгилер:
ыктыярчылар, медик, каттам, ТИМ, Москва, Бишкек
Тема боюнча
Кыргызстанга Кытайдан 500 кычкылтек концентратору алып келинди. Сүрөт