Акча кайда эле кетип жатат? Кыргызстандыктардын чыгымы

Жазылуу
Ден соолукка караганда, телефон менен интернетке көп акча коротот экенбиз. Кыргызстандыктар маданий иш-чаралар менен ичимдиктерди алууга бипбирдей акча жумшайт.

Кыргызстандык акчасын эмнеге коротоорун Улуттук статистика комитети билдирди. Көрсө, эл тапкан акчасынын жарымын тамак-ашка коротот экен.

Ар төртүнчү сом кийим-кечеге, бут кийимге, самын, жуунгучка жана башка буюмдарга кетерин айтышты.

Исламские принцы в финансировании банков в КР - Sputnik Кыргызстан
Шариат тартиби менен берилчү насыянын жол-жобосу. 10 суроого жооп
Чыгымдардын алты пайызы электр энергияга, сууга, үйдү жылытууга жана турак жай-коммуналдык кызматтарга төлөнөт дешти. Коомдук транспорт бардык чыгымдардын төрт пайызын алат, ал эми байланыш — 3,5 пайыз экен.

Ден соолукту кароого жана билим берүүгө болгон-бүткөн чыгымдын 2 пайызы гана кетет экен. Ал эми маданий иш-чаралар менен ичимдиктерди алууга бипбирдей акча жумшалары анык болду.

Кыргызстанга башка жактан унаа алып келе турган болсоңуз, атайын сиз үчүн калькулятор даярдап койдук. Кандай машинагы канча сом төлөй турганыңызды көз ачып жумганча билип алыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0