Кыргызстанда ким эң көп айлык алат? Жаңы алынган сандар

Жазылуу
Салыштыра келгенде көңүл ачуу менен маданият тармагынын кызматкерлери эң аз айлык алары анык болду. Алардын бир аз өйдөрөөк суммадагы акча дарыгерлер менен фермерлердики экен.

Кыргызстанда кимдин айлыгы эң көп экендигин Улуттук статистика кызматынын адистери иликтеп чыкты. Ведомствонун билдиргенине караганда, баарынан көп финансисттер менен камсыздандыруу кызматынын адистери табат экен. Алардын орточо айлыгы 34 миң сомду түзүп, 2017-жылга караганда беш пайызга көбөйгөн.

Маалымат тармагындагы кызматкерлердин бир жылда тапкан кирешеси 6 миңге өсүп, 32 миң сомду түзгөн. Үчтүктүн лидерлигине энергетика тармагында иштегендер кирген. Алар орто эсеп менен 27 миң табат экен.

Обмен валют в Джакарте - Sputnik Кыргызстан
Соңку беш айда мигранттар Кыргызстанга 972,3 миллион доллар жөнөттү
Эң аз айлыктын ээси мугалимдер болуп чыкты: алардын тапкан акчасы 11 миң сомго да жетпейт. Бир жылда болгону 246 сомго өсүптүр.

Медиктердин 9892 сом алары белгилүү болду, былтыркы жылга салыштырмалууу 300 сомго көп.

Фермерлердин тапкан кирешеси 9 671 сомду, ал эми искусство, көңүл ачуу жана эс алуу тармагында иштегендердики — 8353 сомду түзгөн.

Мигранттар которгон акча Бишкектеги батирлердин баасына кандай таасир бергендегин сөзсүз окуп коюңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0