Жылкы кымбаттады. Үйлөнүү тойдун быйылкы баасы канча?

2466
(жаңыланган 16:31 13.09.2018)
Күз келип, "күндө майрам күндө той" болуп турган кез. Көптөн бери көрбөгөн тууган-досторго кезигип, сөз түгөнбөй, айтор, жыргал.

Бирок ар бир майрам чыгымсыз болбойт. Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги тойлордун арасынан эң популярдуусу болгон үлпөт тойдун быйылкы баасын эсептеп көрдү.

Sputnik иштеп чыккан калькулятор аркылуу ресторандагы банкетке жана меймандар үчүн оюн-тамаша программасына канча акча кетерин өз алдыңызча эсептеп көрсөңүз болот.

Кыргыз бүлөсүндө үйлөнүү тою кыз узатуунун уландысы болуп эсептелет. Той күйөөнүн үйүндө да, кафе-ресторанда да өтөт. Үйдө анын тууган-туушкандары, жакындары, достору чогулуп, эки жашка бата берилет.

Азыркы кыргыз тою салттык үйлөнүү тоюнан анча айырмаланбайт. Башкы өзгөрүүлөр заманбап мүмкүнчүлүктөргө байланышкан. Мисалы, эгер той аземин мурда ак өргөдө гана өткөрүп келишсе, эми меймандарды ресторанга чакырып коноктоо адат болуп калган.

Жогоруда 200 адам чакырылган салтанатты уюштурууга сарпталчу негизги чыгымдарды тизмектеп, алардын орточо эсебин чыгардык. Ага ылайык, Кыргызстанда үйлөнүү тоюна орто эсеп менен 689 500 кетери белгилүү болду.

Баса, быйыл жылкы бир аз кымбаттады. Үч элиден жогору чыгып, 200-250дөй адамды кеңири тойгузчу жылкынын баасы 70 миң сомдон жогору.

Дагы бир кошумчалай кетчү нерсе, жаштар зуулдата шаар аралаган кортеж унааларын мурдагыдай кызыл-тазыл лента, шарлар менен коозмодой модадан калып бара жатканын байкоого болот.

2466
Белгилер:
үлпөт, жылкы, баалар, ырчы, Кыргызстан
Тема боюнча
Тойдо миң долларга чейин гонорар алган кыргыз ырчылары кимдер? Тизме

Кыргызстандагы айдоочулар тууралуу кызыктуу фактылар

214
Кыргызстанда рулга отурган эркектер менен аялдардын саны канча, кайсы курактагылар автоунаа айдоону үйрөнүүгө көбүрөөк кызыгат. Sputnik Кыргызстан дал ушул темада инфографика даярдады.

Кабарчылар Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтарына анализ жүргүзүп, айдоочулук күбөлүктөр 2017-жылы көп берилгенин аныктады. Андан кийин 2018-жылы 131 666 күбөлүк берилсе, 2019-жылы эки эсе кыскарып, 70 393тү түзгөн.

Жалпысынан алганда учурда 1 миллион 622 миң 109 кыргызстандыктын айдоочулук күбөлүгү бар. Анын 17 пайызын аялдар түзөт.

214
Белгилер:
факты, айдоочу күбөлүгү, айдоочу, Кыргызстан
Тема боюнча
КРде айдоочулук күбөлүк арзандап, автоунааны каттоо жеңилдеди
ЕАЭБге убактылуу автоунаа алып кирүү мөөнөтү узартылды

Фашисттер кыргыздын чебер аткычын жок кылышкан. Согуш тууралуу 10 факт

1368
Кыргызстандыктардын согуш учурундагы жашоо-турмушу тууралуу тереңирээк билүү үчүн Sputnik агенттигинин кабарчылары эски гезиттерди барактады. Жыйынтыгында согуш жылдарындагы Кыргыз ССРи жөнүндө мурда белгисиз 10 факт топтолду.
Улуу Ата Мекендик согушка катышкан кыргызстандыктар тууралуу кызыктуу 10 факт

Согуш учурунда республика фронтко колдон келген нерселердин бардыгын жөнөтүп турган. Ал учурдагы каатчылык мурда оозго албай турган нерселерди жеп күн көрүүнү мажбурлаган.

Мисалы, гезиттер эти сасык арам өрдөктү кантип туура бышырса болору тууралуу жазышкан. Алакандай жер калтырбай, жада калса, мектептердин аянтын дагы айдап салышкан.

Республиканын ар бир төртүнчү жараны согушка кеткен. Алардын арасында Борбор Азиянын эң чебер аткычы Дүйшөнкул Шопоков болгон. Кийин ал СССРдин баатыры катары тарыхта калган. Салгылаш учурунда фашисттер ага колго түшүп берүүнү сунуштайт. Бирок Шопоков душмандарга ок менен жооп берип, өзүнө дагы ок тиет.

Кыргызстандыктардын Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы турмушу тууралуу билүү үчүн Sputnik даярдаган видеоинфографиканы көрүңүздөр.

1368
Белгилер:
факты, Кыргызстан, Улуу Ата Мекендик согуш
Тема:
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы
Шереметьево аэропортунда учактар. Архив

Июнь-июлда Россиядан Кыргызстанга жума сайын чартердик каттамдар уюштурулат

0
(жаңыланган 14:32 07.06.2020)
Элчилик Россиядагы мекендештердин учурдагы абалын эске алып, Москва шаарынын мэриясы менен Москва — Бишкек, Москва — Ош авиаяыкаттамдарына билеттердин баасын максималдуу түрдө төмөндөтүү боюнча сүйлөшүп жатат.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Ушул жылдын июнь-июль айларында Россиядан Кыргызстанга чартердик каттамдар уюштурулат. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.

Билдирмеге ылайык, азыркы тапта элчилик тарабынан мекендештерди Кыргызстанга жөнөтүү боюнча бардык аракеттер көрүлүп, Россиянын ТИМи, Росавиация, Роспотребнадзор жана авиакомпаниялар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

"Элчилик Россиядагы мекендештердин учурдагы абалын эске алып, Москва шаарынын мэриясы менен Москва — Бишкек, Москва — Ош авиа2каттамдарына билеттердин баасын максималдуу түрдө төмөндөтүү маселесин чечип жатат. Элчиликтин алдындагы штаб кыргызстандыктарды биринчи кезекте мекенге жиберүү, тамак-аш жана убактылуу жашоочу жай (хостелдер) менен камсыздоо иштерин улантып жатат", — деп айтылат маалыматта.

Дипөкүлчүлүк жарандарды мекенге кайтуу боюнча ар кандай ушактарга жана чындыкка дал келбеген маалыматтарга ишенбөөгө чакырды.

Белгилей кетсек, бүгүн Москвадан Бишкекке 393 мекендеш учуп кеткен.

0
Белгилер:
мекендештер, каттам, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
15-июндан тарта тышкы каттамдар жанданат. Кайсы компаниялар учууга макулдук берди