Үй алууга акча жетпейт. Бишкектегилердин канчасы ижарага алган турак жайда жашайт

Жазылуу
Шаардыктардын жарымынан көбү кыймылсыз мүлктү ижарага алууга аргасыз.

Бишкектиктердин канчасы убактылуу батирде жашай турганын Улуттук статистика комитетинин адистери аныкташты.

Ага ылайык, Бишкектеги ар бир алтынчы үй-бүлө батирде жашайт. Башкача айтканда, шаардыктардын 58 пайызы ижарага алынган турай жайда күн кечирет. Бул Кыргызстан боюнча эң жогорку көрсөткүч.

Кыргызстандагы элдин 79 пайызы жер тамда жашайт, 19 пайызы батирде, дагы калктын эки пайызы жер тамдын бир бөлүгүндө баш пааналайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0