2019-жылы эс ала турган күндөр. Календарь

5786
(жаңыланган 17:32 11.01.2019)
Кыргызстандыктар 2019-жылы адаттагы ишемби менен жекшембиден сырткары 11 күн эс алат. Керек учурунда издеп калбаш үчүн бул материалдын шилтемесин сактап коюуну сунуштайбыз.
2019-жылдагы өлкөдөгү дем алыш күндөр

Календарды карап алып эмнеге 25-февраль, 8-апрель, 2-сентябрь жана 6-май жумуш күнү болуп калды деген суроо жаралышы мүмкүн. Аны мындайча түшүндүрөбүз: андагы дем алыш күндөр 2-3-4-январга жана 10-майга жылдырылган. 

Өкмөт кыргызстандыктар 1-7-январь күндөрү жана 9-12-май күндөрү катары менен эс алышы үчүн ушундай чечимге келген.

Өкмөттүн токтому өзгөрүп кетиши да мүмкүн. Андыктан жаңылыктарга көз жүгүртүп туруңуз.

5786
Белгилер:
календарь, эс алуу, дем алыш, Кыргызстан