Жаңы жылдын көркүн чыгарып. Шаарларга коюлган балатылар рейтинги

Жазылуу
Жаңы жылга саналуу гана күндөр калды. Учурда ал майрамга даярдык көрүп убайым тарткандар да аз эмес.

Өлкө аймагындагы бардык шаарлардын борбордук аянтына балатылар коюлду. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү дараметине жараша шаарларды жасалгалады.

Sputnik Кыргызстан агенттиги кайсы шаарда эң бийик жана кымбат балаты орнотулуп, жасалгалоого канча акча жумшалгандыгын тактап көрдү. Алардын арасында коюлган балатылардын бийиктиги боюнча Бишкек менен Ош шаары эч кимди алдына салдырган жок. Ал эми ал тизмени Нарын шаары жыйынтыктады.

Ала-Тоодо балатынын оттору жанды! Жомок дүйнөнүн асмандан көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
"Ала-Тоодо" балатынын оттору жанды! Жомок дүйнөнүн асмандан көрүнүшү
Бишкек, Ош жана Каракол шаарлары мурун сатып алынган жаңы жылдын символун колдонушту. Ал эми Талас, Нарын, Токмок мэриясы тоодон карагай кыйып келишкен. Баткен башкалардан айырмаланып балатыга бир дагы сом сарптаган жок. Алар өткөн жылы даярдалган темир конструкцияны карагайлардын бутагы менен шөкөттөп борбордук аянтка койду.

Бул жылы эң кымбат балатыны Жалал-Абад шаарынын бийлиги сатып алды, анын баасы 1,5 миллион сомду түзөт. Бишкек мэриясы борбор калааны жасалгалоого жалпы алты миллион сомго жакын акча сарптаганын айтканы менен балатынын өзүнө канча каражат жумшаганы белгисиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0