Кыргызстанда паракорлук азайып, зордуктоо күчөдү. Кылмыш статистикасы

277
(жаңыланган 11:00 15.01.2019)
Кыргызстанда эң көп жасалган кылмыш — бул уурулук. Өлкө боюнча ар бир 46 мүнөт сайын колу туткактык фактысы катталып турат.
Кыргызстандыктар мыйзамды кантип бузушат

КР Улуттук статистика комитети Кыргызстанда жасалган кылмыш иштеринин статистикасын чыгарды. Ага ылайык, эң көп жасалган мыйзам бузуу бул уурулук болуп чыкты.

2018-жылдын 11 айында уурулуктун көлөмү 12 пайызга көбөйүп, бөлө келгенде ар бир айга 943төн туура келет.

Ошондой эле алдамчылык 19 пайызга жогорулаган. Ай сайын 369 учур катталган. Андан сырткары, бейбашчылык да 17 пайызга көбөйгөн.

Ал эми адам өлтүрүү фактысы бир кыйла азайып, 2018-жылдын январынан ноябрына чейин 180 учур катталган.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, паракорлук да төмөндөп, 2018-жылдын 11 айында 42 учур каттоого алынган. 

Зордуктоо 5 эсе көбөйүп, 11 айдын ичинде 221 киши зордуктоонун курмандыгы болгон.

277
Белгилер:
маалымат, кылмыш, Улуттук статистика комитети, Кыргызстан
Пикирлер