Кыргызстан туристтерден канча пайда көрдү? Туризм боюнча фактылар

Жазылуу
Маалым болгондой, Кыргызстанда туристтер эс алуусун өздөрү уюштурбай, көбүнчө туристтик фирмаларга кайрылышат.

Кыргызстандын туристтик тармагында иштер кандай болуп жатканын Улуттук статистикалык комитеттин адистери ачыкташты.

Аталган мекеменин маалыматына ылайык, былтыркы жылы чет элдик туристтерди кабыл алуудан түшкөн киреше сегиз пайызга көбөйгөн.

Эгер 2017-жылы башка мамлекеттин жарандары Кыргызстанга 418 миллион доллар таштап кетсе, былтыр бул сан 453 миллион долларга өскөн.

Кыргызстанда өндүрүлгөн кайсы товарлар ЕАЭБде популярдуу - Sputnik Кыргызстан
Лом, чемодон, ич кийим... КРге миллиондорду алып келген 10 товардын тизмеси
Ошол эле учурда кыргызстандыктар чет өлкөгө барганда акчаны сарамжалдуу колдонушкан. Тагыраагы, кыргызстандык туристтер чет өлкөгө барганда 2017-жылга салыштырмалуу 20 пайызга аз акча сарпташкан.

Кыргызстандык ишкерлер туризмди өнүктүрүүдө жылыштарды байкап жатканын айтышууда. Алсак, бул тармакта бир жыл ичинде 4000ге чукул ишкана ачылган.

Ошондой эле ресторан, бар жана ашкана иштеткендердин кирешеси беш пайызга өскөн.

Чекене соода жаатында да өсүү байкалган. Былтыркы жылы соодагерлер туризм тармагынан 2017-жылга караганда алты пайызга көбүрөөк акча табышкан.

Бирок бардык эле жерде киреше жакшы болгон эмес. Мисалы, туристтерди ташууда түшкөн каражат 10 пайызга кыскарган. Башкача айтканда, 2018-жылы анын көлөмү 150 миллион долларды түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0