Кыргызстандагы эң криминалдуу жерлер. 2018-жылдын рейтинги

Жазылуу
Улуттук статистика комитети кайсы аймакта кылмыштуулук эң жогорку деңгээлде экенин аныктады. Ведомствонун маалыматына караганда, Ош облусу коопсуз аймактардын катарына кирет, ал жакта криминалдын деңгээли башка жактарга салыштырмалуу төмөн.

Кыргызстандын кайсы аймагында кылмыштар көп катталарын Улуттук статистика комитети аныктады.
Ведомствонун маалыматы боюнча дээрлик ар бир экинчи кылмыш борбор калаада жасалат. Миң бишкектик тургунга жыл сайын 12 кылмыш туура келет. Бул - республика боюнча эң жогорку көрсөткүч.
Кийинки орунда Ош шаары турат. Анда 1000 адамга 8 кылмыш туура келет. Үчүнчүгө Чүй илинди. Облуста 1000 адамга 5,19 учур туш болот.
Ал эми Ош облусу коопсуз аймактардын катарына кирет — жылына 1000 адамга эки гана кылмыш туура келет экен.

Жаңылыктар түрмөгү
0