Кыргызстандын кайсы жеринде уран чыгат. Радиоактивдүү карта

Жазылуу
Ысык-Көл облусу менен кыргызстандыктардын бир тобу Таш-Булак айылындагы уран кенин казууга каршылыгын билдирип жатат. Sputnik Кыргызстан өлкөдөгү кен байлыктардын картасына үңүлүп,  радиоактивдүү металлдардын кени кайда жайгашкандыгына кызыгып көрдү.

Урандын эң көп кени бар деген жер Ысык-Көл облусуна караштуу Кызыл-Омпол аймагында. Бул туурасында кен байлыктар боюнча реестрде айтылган. Анын карамагына Баке, Узун-Сай, Түндүк, Оттук жана Таш-Булак  чачылма кендери кирет.  
Аны казганга ыңгайлуу, бирок Орто-Токой суу сактагычына жакын жайгашкан.
Дагы ири кендердин бири Базар-Коргон районундагы Байдамтал аймагында. Адистердин божомолуна караганда, ал жерде 300 миң тонна ванадий, 20 тонна молибден менен уран бар. Аны казууга райондун татаал шарты бөгөт болуп келет.
Кыргызстанда жалпысынан радиоактивдүү металлдар 45 жерде чыгат. Анткен менен кээ бирлерине аймактын кыйын шартынан  улам жетүү татаал.  Ал эми кендердин 38 пайызы иштетилген.
Уранды тоо тектери менен минералдардын жашы аныкталгандан кийин  өзөктүк реакторлордо, өнөр жайда, медицинада, геологияда колдонуп келишет. Ал эми бириктирилген уран ок өтпөс нерселерди атуу үчүн колдонулган октордун өзөгүнө салынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0