Керебетте 4-5тен уктап... Бала бакчалар боюнча кейиштүү сандар

Жазылуу
Өлкөдө 2013-жылы жеке тараптарга өтүп кеткен бала бакчалардын имаратын мамлекетке кайтарып алуу жараяны башталган. Sputnik Кыргызстан агенттиги алардын канчасы өз багытында пайдаланып жаткандыгын тактап көрдү.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 1990-жылдардын башында 1696 мектепке чейинки билим берүү мекемеси болсо, 2000-жылы анын 416сы гана калган. Мындайча айтканда, алар төрт эсеге азайган.

Детский дом в Великом Новгороде - Sputnik Кыргызстан
Керебетке батпай полдо уктаган балдар. Бала бакчанын директору түшүндүрмө берди
Акыркы алты жылда Башкы прокуратура, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусу жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары менен учурунда жеке тараптарга өтүп кеткен 218 бала бакчанын имаратын кайтарып алган. Ушу тапта анын 178и гана өз багытында иштөөдө. Андан сырткары, бир нече мектепке чейинки билим берүү мекемеси боюнча сот иштери уланууда.
Ал эми 2013-жылдан бери мамлекет жаңы 17 бала бакчаны колдонууга берген. Бирок бул көрсөткүч бала бакчалардын жетишсиздигин чече албайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0