Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары Кыргызстандын кайсы жеринде эң арзан жана эң кымбат кыймылсыз мүлк сатыларын Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө карата укуктарды каттоо департаментинин акыркы жылдагы маалыматтарын изилдөө менен аныктады.
Күтүлгөндөй эле эң кымбат батирлер Бишкекте болуп чыкты. Мында батирдин чарчы метри орточо эсеп менен 52 миң сомду түзөт. Тагыраагы, 105-сериядагы эки бөлмөлүү батир болжол менен 37 миң доллар турат.
"Күмүш" медаль Чүй облусундагы Аламүдүн районуна берилди. Мында батирдин чарчы метри 33,7 миң сомду түзөт (эки бөлмөлүү батир болжол менен 24 миң доллар турат).
Үчүнчү орунда Ош шаары. Анда батирдин чарчы метри 32 миң сомго бааланат. Мисалы, 105-сериядагы эки бөлмөлүү батирди болжол менен 23 миң долларга алса болот.
Ал эми эң арзан баалар Талас облусундагы Казакстан менен чектешкен Манас районунда экени белгилүү болду. Анда батирдин чарчы метри 2,7 миң сом эле (эки бөлмөлүү батир болжол менен 2 миң доллар).Талас районунда баалар бир аз кымбатыраак — чарчы метри 3,3 миң сом. Демек, эки бөлмөлүү батирди 2,4 миң долларга алса болот.
Эң кымбат жер үйлөр дагы Бишкекте жайгашкан. Борбор калаада тамдын чарчы метри 51 миң сомго бааланат. Эгер 100 чарчы метрлик үй ала турган болсоңуз, 73 миң доллар керек болот.
Экинчи орунда Ош шаары. Анда үйлөр 40 пайызга арзаныраак. 100 чарчы метрлик начар абалдагы үйдү 44 миң долларга алса болот.
Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы үйлөрдүн чарчы метри 28,4 миң сомдон айланат. Бир үйдү 40,6 миң долларга алса болот.
Эң арзан үйлөр Ош облусундагы Кытай менен чектешкен Алай районунда. Анда үйдүн чарчы метри 1949 сом. Демек, 100 чарчы метрлик үйдү 2,8 миң долларга алууга мүмкүн.
Жетекчиңиз сизге кандай жөлөк пулдарды төлөшү керектигин дагы билип алыңыз.
Инфографикада эл арасында кеңири колдонулган автокөлүктөрдүн жылдарынын баалары көргөзүлдү. Атайын мониторинг 2020-жылдын декабрь айынан баштап 2021-жылдын март айына чейин жүргүзүлүп, маалымат булактары катары autobaza.kg, cars.kg, turbo.kg жана mashina.kg сайттарындагы жарнамалар анализделди.
Окурмандарга ыңгайлуу болуш үчүн ар бир автоунаанын орточо наркы өлкөнүн Улуттук банкынын 2-марттагы расмий курсу менен (бир АКШ доллары 84,8 сом) көрсөтүлдү.
Эң көп сатылган алдыңкы он автоунаага төмөндөгүлөр кирди:
Ал эми Toyota IST, Mazda Demio, Honda Civic өз баасынан 100-300 долларга чейин арзандаган. Аналитиктер баанын кескин көтөрүлүп же түшүп кетишин сатыкка чыккан автокөлүктөрдүн абалына же кожоюндарынын тез сатууга аракет кылгандыгы менен байланыштырууда.
Кыргызстандагы эң кымбат университет болуп АУЦА эсептелет. Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, жылына орто эсеп менен студент 482 400 сом төлөйт.
Экинчи сапта Медицинанын эл аралык жогорку мектеби. Бул жерде жалаң гана чет элдиктер билим алышат. Студент жылына 210 000 сом төлөйт.
Салымбеков атындагы университетте бир жылдык окуу акысы жергиликтүү студенттер үчүн 75 миң, чет элдиктерге 165 миң сомго жетет.
Эл аралык медицина университетинин окуу акысы жеткиликтүүрөөк. Анда кыргызстандыктар жылына 93 миң, чет элдиктер 151 миң сом төлөшөт.
Кымбаттыгы боюнча алдыңкы беш сапка кирген окуу жайлардын катарында "Ала-Тоо" эл аралык университети бар. Жергиликтүүлөр үчүн жылына 80 миң сом болсо, чет элдиктер 173 миң сом төлөшү керек.
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Шейшемби, 9-март күнү, өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө +12...+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +14...+19, Ысык-Көл жергесинде +6...+11, ал эми Нарын аймагында +4...+9 градус болору айтылды.
Күндүн табы Бишкек шаарында +15...+17 жана Ош калаасында +16...+18 градуска чейин көтөрүлөт.