Укук коргоо органдары коррупция менен кантип күрөшүп жатат? Сандар

Жазылуу
Өлкө аймагында коррупцияга каршы күрөш катуу жүрүп жаткандыгы байма-бай айтылууда. Айрым учурда бул багыттагы иштерге коомчулук тарабынан катуу сындар да айтыла калат.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан агенттиги республика аймагындагы коррупцияга байланыштуу кылмыш иштерине кызыгып көрдү.

Ушул жылдын беш айында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы сотко чейинки 328 өндүрүш баштаган. Ал эми УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы 1906, прокуратура органдары 328 коррупциялык жана кызматтык кылмыш ишти тергеген.

Жээнбеков көлдүктөргө коррупция менен кантип күрөшүү керектигин айтты. Видео - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков көлдүктөргө коррупция менен кантип күрөшүү керектигин айтты. Видео
Өткөн жылы аталган үч орган коррупциялык мүнөздөгү үч миңге жакын кылмыш ишин козгоп, мамлекетке 3 миллиард 490 миллион 113 миң сомдон ашык зыян келтирилгендигин аныктаган.

Ошол эле кылмыш ишин негизсиз токтоткон, кыскартып мыйзам бузган прокуратура органдарынын 40 кызматкери, ИИМдин тогуз, коопсуздук кызматынын беш, Финполдун алты тергөөчүсү тартиптик жазага тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0