Кыргызстандын кайсы жеринде арзан бензин сатылат. Шаар, айылдардын рейтинги

Жазылуу
Эң кымбат бензин Баткенде сатылары аныкталды. Кээде эки шаардын ортосундагы баалардын айырмасы 6 сомдон ашып кетет.

Sputnik агенттигинин кабарчылары Кыргызстандын кайсы айылдары менен шаарларында эң кымбат жана арзан бензин сатыларын Улуттук статистика комитетинин маалыматтарынын негизинде изилдеп көрдү.

Кыргызстанда үйлөр канча турат - Sputnik Кыргызстан
Үйдүн эң арзаны кайда сатылат? Кыргызстандыктар үчүн рейтинг
Ведомствонун маалыматына караганда, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин эң кымбат баада Баткенде сатылат. Анда майдын бир литри 45 сом 90 тыйынды түзөт. Салыштыруу иретинде айта кетели, Нарында бензиндин бир литр баасы 42 сомдон сатылат. Бул Кыргызстан боюнча эң төмөнкү көрсөткүч.

Ал эми Аи-92 үлгүсүндөгү май Баткен облусунда жайгашкан Исфана шаарында кымбат. Жергиликтүү калк бензиндин литрин 42,9 сомдон сатып алышат. Талас облусуна караштуу Покровка айылында ушул эле үлгүдөгү майдын баасы болгону 36,7 сом.

"Дизель" майынын баасы Баткенде кымбат — бир литри 46,4 сом. Ал эми ушул типтеги майдын эң арзаны Токмокто сатылат. Баасы — 41,9 сом.

Жаңылыктар түрмөгү
0