Кыргызстандын аймагынан кандай асыл таштарды тапса болот. Карта

643
Кыргызстандагы кен чыккан жерлерде өтө сейрек кездешкен баалуу таштар дагы бар. Sputnik агенттигинин кабарчысы өлкөнүн кен чыккан жерлеринин картасына саресеп салып, кандай асыл таштар бар экенин баамдап көрдү.

Асыл таштар менен баалуу таштардын көбү Баткен облусунда жайгашкан. Аны түрдүү кен чыга турчу жерлер тууралуу реестрдеги маалымат тастыктап турат. Бул аймакта рубин менен ормизандын кени көп. Алар көбүн эсе Көк-Белесте жайгашкан.
Андан сырткары, Баткен облусунда хромдиопсид менен берилл таштарынын да кени бар.
Кендердин жайгашуусу боюнча кийинки рейтингде Ысык-Көл, Талас жана Нарын облустары турат.Нарында өзгөчө демантоид ташынын запасы көп. Ошондой эле циркон менен сапфир таштары да бар.
Ысык-Көлдө болсо аметист ташы кездешет. Асыл таштардын катарына кирген турмалин менен топаз дагы бар, бирок алардын запасы канча экени такталган эмес.
Таласта кызыл түстөгү альмандин ташы башкаларга салыштырмалуу көп. Ошондой эле аквамарин минералы бар, бирок анын көлөмү канча экени жакшы изилденген эмес.
Жаман айтпай жакшы жок дегендей,Кыргызстандын аймагында радиоактивдүү металлдар сакталган жерлер жок эмес. Алар кайсы аймактарда орун алганын көрөм десеңиз картаны караңыз.

643
Белгилер:
карта, асыл таш

Пандемия башталгандан берки алгачкы жолугушуу. ЕАЭБ тууралуу инфографика

234
(жаңыланган 13:47 17.07.2020)
Бүгүн, 17-июлда, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн премьер-министрлери Евразиялык өкмөт аралык жыйынга чогулушту. Иш-чара онлайн эмес, кадимки форматта Минск шаарында өтүп жатат. Бул — COVID-19 пандемиясы башталгандан берки алгачкы жолугушуу.
Евразиялык экономикалык биримдик сандар менен

Жыйынга Кыргызстан, Россия, Белоруссия, Казакстан, Армения жана Молдова өлкөлөрүнүн премьер-министрлери катышууда. Анда өкмөт башчылары соода, ички рыноктун иштөө механизми, атаандаштык жана өндүрүш маселелерин талкуулашмакчы.

Ошондой эле саламаттык сактоо тармагындагы бир катар көйгөйлөр каралып, ЕАЭБ өлкөлөрүндө коронавирустун жайылуусун токтотуу маселесине токтолушат.

Кубатбек Боронов ЕАЭБ жыйынына катышуу үчүн Минск шаарына учуп кетти

Мындан сырткары, премьер-министрлер Жерди аралыктан зонддоонун негизинде геомаалымат жана космос кызматтарын жеткирүү боюнча кызматташуунун мамлекеттер аралык программасынын долбоорун карашат.

Саммитте ЕАЭБдин айыл чарба тармагын өнүктүрүү жана Биримдикти индустриялаштыруу маселеси да талкууланат.

Евразия экономикалык комиссиянын маалымат кызматы билдиргендей, жыйынга катышуудан тышкары Биримдиктин өкмөт башчылары Белоруссия жетекчилиги менен жолугушат.

ЕЭК Кыргызстандын өнүктүрүү институтун түзүү демилгесин карап чыкты

Евразия экономикалык биримдиги 2015-жылы түзүлгөн. Бүгүнкү күндө анын курамында Кыргызстан, Армения, Белоруссия, Казакстан жана Россия мамлекеттери бар. Молдова байкоочу өлкө катары жыйындарына катышып келет. Мындан сырткары, Өзбекстан дагы ЕАЭБге байкоочу статусун алышы ыктымал.

2019-жылга карата ЕАЭБ калийи бар жер семирткичтерин өндүрүү боюнча дүйнөдө 1-орунда, ал эми газ жана мунай өндүрүү жагынан экинчи орунда турат.

234
Белгилер:
өкмөт башчы, көйгөй, жыйын, Минск, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема боюнча
ЕЭК Кыргызстан, Казакстан жана ЕАЭБ ортосундагы көйгөйдү кантип чечет?

Булар менен дүйнө сыймыктанчу! Олимпиаданы багынткан 8 кыргыз спортчусу

455
(жаңыланган 14:06 15.07.2020)
40 жыл мурда кыргыз спортунда гүлдөгөн мезгил болгон. Кыргыз ССРинде туулуп-өскөн бир эмес сегиз адам дароо Олимпиада медалын тагынышкан. Унутулгус учурду эсиңиздерге салууну чечтик.

Советтик Кыргызстандан чыккан сегиз спортчу Москвадагы Олимпиадада кантип жеңишке жеткенин Sputnik агенттиги даярдаган видеоинфографикадан көрө аласыздар.

Жүрөк тилген видео! Аталардын Улуу Ата Мекендик согуштагы эрдиги

Кыргыз спортунун ошол кездеги жылдыздары Александр Мелентьев, Татьяна Колпакова, Каныбек Осмоналиев, Александр Блинов, Александр Панфилов, Николай Чернецкий, Сатымкул Жуманазаров, Александр Абушахметовдор эле.

Бардыгы биригип беш алтын, эки күмүш жана бир коло медаль алышкан. Кыргыз спортчуларынын арасында мындай ийгилик Олимпиадага чейин да, андан кийин да боло элек. Москвадагы спорт оюндары кыргыз спорту үчүн чындыгында чоң жетишкендик алып келген.

455
Белгилер:
жетишкендик, медаль, спорт, олимпиада, Москва, Кыргызстан
Тема:
Москвадагы Олимпиада-80
Тема боюнча
КМШ өлкөлөрүнүн биринчи спорттук турнирин сентябрда өткөрүү пландалууда
Бишкек шаарындагы 11-кичи районундагы таштанды карьери

Бишкектин 11-кичи районундагы быкшыган түтүн токтой элек. Видео

0
(жаңыланган 00:52 07.08.2020)
Буга чейин калаанын түштүк тарабындагы кичи райондордун тургундары карьердин аймагында топурактын астында калган таштандылар күйүп, түтүн каптап жатканын айтып арызданышкан.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын 11-кичи районундагы таштанды карьеринин быкшыган түтүнү токтой элек. Анын видеосун шаар тургуну Михаил Дудин Facebook баракчасына жүктөдү.

Буга чейин 5-августта мэриядан таштандылар казылып, түтүн чыгып жаткан жерге муниципалдык кызматтар дароо барып өчүргөнүн айтып, ага "Тазалык" муниципалдык ишканасынын суу ташыган автоунаасы тартылгандыгын кабарлаган.

Мэрия: Бишкектеги 11-кичи райондун карьеринде күйгөн таштандылар өчүрүлдү

Дудин өзүнүн видеосунун алдына акын Корней Чуковскийдин ийгиликсиз өрт өчүрүү жөнүндө жазылган "Путаница" ырын жазып, комментарийде от өчүрүлбөгөндүгүн айткан.

Ал эми Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова эгер таштанды кайра түтөп баштаса, аны өчүрүү иштери улантыла тургандыгын билдирди.

"Шаар тургундары ал жерге таштанды ыргытпашы үчүн тегерегин казып салдык", — деди ал.

Буга чейин калаанын түштүк тарабындагы кичи райондордун тургундары карьердин аймагында топурактын астында калган таштандылар күйүп, түтүн каптап жатканын айтып арызданышкан. Түтүн шаардыктарды уулантып жатат деп даттангандар болгон. Ал эми мэрия күнөөлүүлөрдү табууну убадалаган.

Шаардыктардын айтымында, карьерге 2018-жылы топурак төгүлчү, ал эми өткөн жылдын жайынан бери таштанды ыргытыла баштаган. 2020-жылдын жазынан тарта таштандыларды тобу менен алып келип төгө башташкан.

0
Белгилер:
түтүн, таштанды, Бишкек мэриясы
Тема боюнча
Түндө Ошто беш үй өрттөндү. Жалынды өчүрүп жаткандагы видео