Жыл башынан бери суудан ажал тапкандардын саны. Кейиштүү статистика

199
(жаңыланган 09:29 23.07.2019)
ӨКМдин берген маалыматына ылайык, 2019-жылдын башынан бүгүнкү күнгө чейин өлкөдө 88 адам сууга чөгүп каза болгон. Алардын арасында унаасы менен дарыяга түшүп кеткендер, көлгө чөккөндөр бар...

Статистикага таянсак, өлкөдө сууда көз жумгандардын көбү эркектер экен. Жети айдын ичинде Кыргызстанда 47 эркек каза болгон. Ал эми аялдардын саны жетини түзөт. Баарынан да кейиштүүсү, жыл башынан бери 12 жашка чейинки 20 бөбөк суудан ажал тапкан. 12-18 жашка чейинки балдардын арасынан 14 баланы суунун агымы алып кеткени маалым болду.

Кырсыктардын алдын алуу үчүн куткаруучулар элге кайрылуу жасап, коопсуздук эрежелерин сактоого чакырууда.

199
Белгилер:
аял, эркек, өлүм, кырсык, Суу, ӨКМ
Тема боюнча
Кыргызстанда жыл башынан бери 40 киши сууга чөктү. ӨКМдин эскертүү видеосу
Алты айга жетпей 20 бала сууга чөккөн... Кырсыктын кантип алдын алабыз?

Кыргызстандагы айдоочулар тууралуу кызыктуу фактылар

825
Кыргызстанда рулга отурган эркектер менен аялдардын саны канча, кайсы курактагылар автоунаа айдоону үйрөнүүгө көбүрөөк кызыгат. Sputnik Кыргызстан дал ушул темада инфографика даярдады.

Кабарчылар Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтарына анализ жүргүзүп, айдоочулук күбөлүктөр 2017-жылы көп берилгенин аныктады. Андан кийин 2018-жылы 131 666 күбөлүк берилсе, 2019-жылы эки эсе кыскарып, 70 393тү түзгөн.

Жалпысынан алганда учурда 1 миллион 622 миң 109 кыргызстандыктын айдоочулук күбөлүгү бар. Анын 17 пайызын аялдар түзөт.

825
Белгилер:
факты, айдоочу күбөлүгү, айдоочу, Кыргызстан
Тема боюнча
КРде айдоочулук күбөлүк арзандап, автоунааны каттоо жеңилдеди
ЕАЭБге убактылуу автоунаа алып кирүү мөөнөтү узартылды

Фашисттер кыргыздын чебер аткычын жок кылышкан. Согуш тууралуу 10 факт

1430
Кыргызстандыктардын согуш учурундагы жашоо-турмушу тууралуу тереңирээк билүү үчүн Sputnik агенттигинин кабарчылары эски гезиттерди барактады. Жыйынтыгында согуш жылдарындагы Кыргыз ССРи жөнүндө мурда белгисиз 10 факт топтолду.
Улуу Ата Мекендик согушка катышкан кыргызстандыктар тууралуу кызыктуу 10 факт

Согуш учурунда республика фронтко колдон келген нерселердин бардыгын жөнөтүп турган. Ал учурдагы каатчылык мурда оозго албай турган нерселерди жеп күн көрүүнү мажбурлаган.

Мисалы, гезиттер эти сасык арам өрдөктү кантип туура бышырса болору тууралуу жазышкан. Алакандай жер калтырбай, жада калса, мектептердин аянтын дагы айдап салышкан.

Республиканын ар бир төртүнчү жараны согушка кеткен. Алардын арасында Борбор Азиянын эң чебер аткычы Дүйшөнкул Шопоков болгон. Кийин ал СССРдин баатыры катары тарыхта калган. Салгылаш учурунда фашисттер ага колго түшүп берүүнү сунуштайт. Бирок Шопоков душмандарга ок менен жооп берип, өзүнө дагы ок тиет.

Кыргызстандыктардын Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы турмушу тууралуу билүү үчүн Sputnik даярдаган видеоинфографиканы көрүңүздөр.

1430
Белгилер:
факты, Кыргызстан, Улуу Ата Мекендик согуш
Тема:
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы
Эл аралык аэропортундагы учак. Архив

Аэропорт аткаминерлер санавиация менен учуп кетүүдө деген сөзгө жооп берди

0
(жаңыланган 12:52 13.07.2020)
Эл аралык "Манас" аэропортунан маалымат кызматы коомчулуктан такталбаган кабарларды таратпоону суранган.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Социалдык тармакка тараган маалыматта айтылгандай, кыргызстандык аткаминерлер жакында эл аралык "Манас" аэропортунан эл аралык чартердик каттамдар менен учкан эмес. Бул туурасында аталган эл аралык аба майдандын маалымат кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, эл арасында атайын борт менен cаламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов пневмония, орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавирускаhttps://sputnik.kg/society/20200710/1048965341/esalamattyk-saktoo-ministrinen-pnevmoniya.html кабылып, Германияга дарыланууга учуп кетти деген маалымат тараган.

COVID-19дан беш медик каза болду. Сандардын өсүп жатышынын себеби

"Дүйнө жүзүндө эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашынан улам жана башка өлкөлөр менен аба байланышына тийиштүү чектөөлөрдү киргизүү мөөнөтүндө "Манас" аэропортуна мезгил-мезгили менен буюртмалык чартердик санитардык каттамдар аткарылууда. Аталган каттамдар менен чет элдик дипломатиялык кызматтардын өкүлдөрү жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын кызматкерлери, чет элдик жарандар пайдаланат. Ал эми Кыргызстандын жарандары мындай каттамдар менен учкан эмес", — деп айтылган маалыматта.

Аэропорттун маалымат кызматы коомчулуктан мындай такталбаган кабарларды таратпоону суранган.

"Эл аралык "Манас" аэропорту жалган маалымат таратпоону суранат. Учурдагы эпидемиологиялык абалда "Манас" аэропорту кызматкерлердин жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо үчүн күнү-түнү иштеп жатат", — деп кошумчалаган алар.

Ал эми министрлик Сабиржан Абдикаримов менен анын орун басары Нурболот Үсөнбаев дарылануу үчүн чет мамлекетке учуп кеткен эмес деген билдирүү тараткан.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

0
Белгилер:
Нурболот Үсөнбаев, Сабыржан Абдикаримов, Германия, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Коронавирус: бир суткада 125 ак халатчан оору жуктуруп, сегизи айыгып чыкты